Математиканы окутууда методдорду тандоо

Автор работы: Пользователь скрыл имя, 27 Ноября 2013 в 11:42, курсовая работа

Описание работы

Орто мектепте математика сабагын талапка ылайык берγγ, азыркы мезгилде Кыргыз Республикасынын билим берγγ тармагында орчундуу маселелерден болуп саналат. Математика сабагын талапка ылайык берγγнγн негизги факторлорунун бири болуп, орто мектептин окуучуларын математикага кызыктыруу болуп саналат. Мына ошондуктан математика сабагынан берген мугалимдер окуучуларды математика сабагына кызыктыруу γчγн ар кандай ыкмаларды колдонуусу зарыл.

Содержание работы

1. Киришγγ.
2. Математика сабагын окутууда методдорду тандоо.
2.1 Математиканы окутуунун методдорун классификациялоо.
2.2 Сγйлѳѳ методдору.
2.3 Кѳрсѳтмѳлγγлγк методдору.
2.4 Илимий методдор.
2.5 Ѳз алдынча иштерди уюштуруу методдору.
2.6 Проблемалык методу.
3. Билим берγγнγн инновациялык технологиялары.
3.1 Стратегиялык пландаштыруу.
3.2 Инсерт технологиясы.
3.3 Класстер технологиясы.
3.4 Кейс технологиясы.
3.5 Зигзаг стратегиясы.

Файлы: 1 файл

Математиканы окутууда методдорду тандоо.doc

— 157.50 Кб (Скачать файл)

Кыргыз  Республикасынын Билим берγγ жана Илим Министрлиги.

КМУ  И. Арабаев атындагы  университети.

 

 

 

 

 

Тема: Математиканы  окутууда  методдорду  тандоо.

 

 

 

Аткарган: Жукушова Айнура Тажыбаевна

Текшерген: Тѳрѳгелдиева Канышай.

 

 

 

Бишкек  – 2011. 

План.

    1. Киришγγ.
    2. Математика  сабагын  окутууда  методдорду  тандоо.
    1. Математиканы  окутуунун методдорун  классификациялоо.
    1. Сγйлѳѳ  методдору.
    2. Кѳрсѳтмѳлγγлγк  методдору.
    3. Илимий  методдор.
    4. Ѳз алдынча иштерди уюштуруу методдору.
    5. Проблемалык методу.
    1. Билим берγγнγн инновациялык  технологиялары.
    1. Стратегиялык пландаштыруу.
    1. Инсерт  технологиясы.
    2. Класстер   технологиясы.
    3. Кейс  технологиясы.
    4. Зигзаг  стратегиясы.

 

 

Киришγγ.

Азыркы  учурдагы  билим берγγнγ ѳркγндѳтγγнγн  концепциясына  ылайык, окуу предметтерин  анын ичинен  математиканы  жогорку илимий  денгээлде окутуунун негизинде окуучулардын  билимдери, билгичтиктери жана кѳндγмдѳрγнγн  сапаттары  жогорулоо менен  ѳз алдынча эмгектенγγгѳ γйрѳнγшѳт, окуп  таанып-билγγ  кызыкчылыгы жогорулайт.Ошондой эле  математиканын стандарттык мазмунун  камтыган окутуунун  психологиясын  жакшыртуу  жана  анын  негизинде  окутуу  процессиндеги мγчγлγштγктѳрдγ талдап, аларды жоюунун ыкмаларын, жолдорун кѳрсѳтγγ  зор мааниге ээ. Ошол себептен  окутуунун актуалдуу  проблемаларын  психология-педагогикалык  талаптарга ылайык негиздѳѳнγн, окутуунун жакшыртылган инновациялык ыкмаларын  иш жузундо  кенири колдонуунун зарылчылыгы  келип чыгууда.

Окутуу  процессинде  тγшγнγнктѳрдγ окуучулардын реалдуу  мγмкγнчγлγгγнѳ ылайык калыптандыруу, алардын  ѳз алдынчалыгын ѳстγрγγ жана  билимдерин  системалуу денгээлдеп текшерγγнγ жогорку даражада уюштуруу  бγгγнкγ кγндγн талабына жооп бергендик болот.

 Орто  мектепте  математика  сабагын талапка ылайык  берγγ,  азыркы  мезгилде  Кыргыз  Республикасынын билим  берγγ  тармагында  орчундуу  маселелерден  болуп саналат.  Математика  сабагын талапка ылайык  берγγнγн  негизги  факторлорунун  бири  болуп, орто  мектептин   окуучуларын  математикага  кызыктыруу  болуп  саналат.  Мына  ошондуктан  математика  сабагынан берген  мугалимдер   окуучуларды математика  сабагына  кызыктыруу  γчγн  ар  кандай  ыкмаларды  колдонуусу  зарыл.

 

 

 

 

 

 

 

 

2.Математика сабагында окутуунун методдорун тандоо.

 

2.1 Математиканы   окутуунун  методдорун классификациялоо.

 

Метод-бул  аныкталган максатты ишке ашыруудагы аркеттердин ыкмасы. «Метод»  латын  сѳзγнѳн  алынган, ал кандайдыр бир  максатка  багытталган  жол дегенди  тγшγндγрѳт.Окуучунун  окуу  чыгармачылыгы билим  алуу  же γйрѳнγγ  деп аталат. Ал эми мугалимдин   чыгармачыл аракети окутуу  деп аталат. Окуучу  менен мугалимдин чогуу  аракети билим берγγ болот.

Окутуунун методу деп, окутуу  процессинде  аныкталган  педагогикалык максат менен  окуучулардын  чыгармачылыгын, ой жγгγртγγсγн  ѳзгѳртγγгѳ,ѳнγктγрγγгѳ  багытталган мугалим жана  окуучунун иш-аракеттер системасы аталат.

Окутуунун  методдорунун проблемасы  «Кандайча  окутуу керек»  деген  суроону  чечγγ болуп эсептелинет. Окуучуларды кандайча окутуу керек экендигин  чечγγ   γчγн  тѳмѳндѳгγлѳрду  тактоо зарыл.

  1. Окуучулар  берилген тγшγнγктѳн  кандай  билим, билгичтиктерди  жана кѳндγмдѳрдγ алыш керек.
  2. Бериле турган  тγшγнγктγн логико-дидактикалык  анализин  жγргγзγγ.
  3. Жаны  тγшγнγктγ  берγγдѳ окуучулар кандай ойлоо  иш-аракеттерин жасайт, кандай  билим жана  билгичтиктери, кѳндγмдѳрγ  бар.

Демек, окутуунун  методунун  моделинде  тѳмѳнкγлѳр кѳрсѳтγлγш керек.

1.Максатынын  коюулушу боюнча  мугалимдин  иш-аракеттери  жана колдонулуучу  каражаттар.

2.Окуучунун   иш-аракеттери.

3.Максатка жетуу учун  мугалим менен  окуучунун ортосундагы  байланыш.

4.Окутуунун   жыйынтыгы.

Окутуунун      максаттарынын, мазмундарынын  ар тγрдγγлγгγ  жана окуучулардын  жаш  ѳзгѳчѳлγгγ, билим  денгээлдери  ж.б.у.с.  ѳзгѳчѳлγктѳрдѳн методдордун ар тγрдγγлγгγ келип чыгат. Жогорудагылардын  негизинде  Ю.К.Бабанский методдорду  тѳмѳндѳгγдѳй  классификациялайт.

  1. Жаны  материалдарды  берγγнγн, аны кабыл алуунун жана  окуучулардын ѳз  алдынчалык методдору.
  2. Стимулдаштырып  окутуучу  методдор.
  3. Текшерγγ, лабораториялык-практикалык иштерди уюштуруу  жолу менен окутуу методдору.

И.Б.Бекбоев  тѳмѳндѳгγдѳй  классификациялоодо  ишмердγγлγктγн  жогорудагы  γч  компонентине  карата  методдорду  ири γч класска  болгон.

I. Окуучуларды окуу-таанып билγγчγлγк   ишмердγγлγктѳрγн  уюштуруп ишке ашыруу методдору.

II. Окуучулардын  окуу-таанып билγγчγлγк ишмердγγлγктѳрγн  мотивациялап  (ынтызар кылуу) стимулдаштыруу  методдору.

III. Окуучулардын окуу-таанып билγγчγлγк ишмердγγлγктѳрγн   текшерип жыйынтыктарын баалоо  методдору.

Андан кийин ар бир ири класстарды  ѳз алдынча группаларга бѳлгѳн.

Окутуунун методдору  ѳз ара  байланышта  пайдаланылып. Конкреттγγ  окуу шарттарында, ар кандай  окутуунун методдорун айкалыштырып  пайдалануу  мугалимдин  педагогикалык чыгармачылыгына   байланыштуу. Бир эле  сабакта  мугалим  бир нече  методдордун  ыкмаларын  пайдаланышы  мумкун. Сабакты   ѳтγγдѳ  методдорду тандоо  жана  аларды  туура айкалыштыруу  татаал   педагогикалык проблема.Бул  проблеманын чечилиши болуп  мугалимдин  методикалык  билиминин, билгичтигинин жана  педагогикалык  чыгармачылыгынын  болушу  абзел.

Математиканы  окутуудагы  дидактиканын  жалпы негизги  методдору  тѳмѳндѳгγлѳр.

1.Сγйлѳѳ  методдору.

2.Кѳрсѳтмѳлγγлγк  методдору.

3.Илимий  методдор.

4.Ѳз алдынча иштерди  уюштуруу  методдору.

5.Дифференцирленген   окутуу методу.

6.Программаланган  метод.

7.Проблемалык  метод.

8.Текшерγγ  методдору.

Бул методдордун ар бири  майда  методдорго бѳлγнѳт.

2.2 Сγйлѳѳ  методдору.

Сγйлѳѳ   методдорунда  мугалим материалды максатка  ылайык так, даана, тγшγнγктγγ  баяндап айтып берγγнγн  γлгγсγн  кѳрсѳтѳт, мында окуучулардын  сγйлѳѳ  речин  ѳнγктγрγγгѳ, математикалык терминдерди  так айтууга  γйрѳтγγгѳ шарт  тγзγлѳт.

Сγйлѳѳ методдорун  пайдаланууда  мугалим  тѳмѳндѳгγлѳрдγ эске алуусу  зарыл: сγйлѳѳ темпи окуучулардын  таанып-билγγ  ѳзгѳчѳлγктѳрγнѳ  жараша  болушу; теманын эн ѳзѳктγγ  жерлерин басым  жасап айтуу; суйлѳѳ  методдорун башка окутуунун методдору менен айкалыштырып  пайдалануу.

  1. Ангеме.
  2. Лекция.
  3. Ангемелешγγ, маектешγγ.
  4. Кѳрсѳтмѳ  берγγ (инструктаж).

Ангеме.Мында  мугалим берилген  тема боюнча ачык-айкын  эмоционалдуу  айтып берет. Тема тѳмѳнкγдѳй учурларга  бѳлγнѳт.

А) Теманын  максаттары  айтылат.

Б) Мазмуну.

В) Жыйынтыгы.

Негизги  дидактикалык  функциясы  тема боюнча  конкреттγγ  маалыматтар  берилет.

Лекция. Бул методдун  ѳзгѳчѳлγгγ, кѳлѳмдγγлγгγ, логикалуулугу, татаалдыгы. Дидактикалык  функциясы: Маалыматтарды, билимдерди  берγγ. Лекцияда  тескери байланыш  начар болот. Ошондуктан, окуучулардын ойлоосуна  убакыт берγγ  зарыл. Лекцияны  ѳтуунун максаты мектепте  окуу китебин жоктугу, берилγγчγ   тγшγнγктѳрдγн кѳптγгγ.

Ангемелешγγ, маектешγγ.Бул  методдун  ѳзгѳчѳлγгγ мугалим тарабынан багыт берγγчγ  суроолордун  системасынын  тγзγлγшγ. Ошол  суроолор боюнча  окуучу  менен мугалимдин  ортосунда  ангемелешγγ, маектешγγ  жγргγзγлѳт. Дидактикалык  максаты: Ой жγгγртγγнγн  негизинде  окуучулардын билим  алышы.

Ангемелешγγ   учурунда  проблемалык метод пайдаланылат. Мында окуучулар берилген  тема боюнча ѳздѳрγ  жыйынтык  чыгарышып, ачылыштарды ачышат. М: Функция темасын ѳтγγдѳ  бир суткадагы температуранын  таблицасы  боюнча  тѳмѳндѳгγдѳй  суроолорду  берсе болот. Бир суткадагы  температуранын таблицасын  карап эмнени  билсе болот? Жооптор  ар кандай  болушу мγмкγн: температура  жогорулады, тѳмѳндѳдγ   ж.б.у.с.

Инструктаж. Бул  методдун  ѳзгѳчγлγгγ кыскалыгы жана  алгоритм  формасында  берилиши. Окуучулардын иш аракеттерин жасоонун тартибин жана эрежесин γйрѳтγγ. Инструктаж кѳрсѳтмѳлγγ   ѳтγшγ  мγмкγн. Максаты  практикалык жана  лабораториялык иштерге  даярдоо. Тескери байланыш- ооз эки текшерγγ. Иштелген   окуу иштеринин натыйжалуулугу.

 

2.3 Кѳрсѳтмѳлγγлγк  методдору.

Математиканы  окутуу  окуучулар  кабыл ала  турган  образдар менен берилет. Кѳрсѳтмѳлγγлγк  окуучулар  кабыл ала тургандай, аларды керектγγ негизги окуу материалын  ѳздѳштγрγγсγнѳн алаксытып жолтоо кылбай тургандай тγзγлγшγ  керек.

Эгерде  кандайдыр  бир  маселени  чыгаруу керек болсо, аны  ѳтѳ ачык боектор менен боеп, адамдардын же  ж.б.  ар кандай нерселердин сγрѳтγн тартып, кѳрсѳтмѳлγγлγк  даярдалса  анда,  окуучу  сγрѳттѳр кандай  тартылгандыгын, алардын  кандай ѳзгѳчѳлγгγ бар экендигин кароо менен маселенин  негизги  максатына  кѳнγл бурбай калат. Кѳрсѳтмѳлγγлγк  методдору  иллюстрациялоо демонстрациялоо болуп экиге бѳлγнѳт.

Иллюстрация.Математика  сабагында  бериле турган информацияларды  сγрѳт,  таблица, схема  тγрγндѳ  сγрѳттѳп кѳрсѳтγγ. Сγрѳттѳп кѳрсѳтγγ  сγйлѳѳ методунун жардамы менен  иш жγзγнѳ  ашырылат.

Демонстрация. Мугалим  математикалык жаны  тγшγнγктγн келип чыгышын  окуучуларга   демонстрациялап кѳрсѳтѳт. Демонстрация  тѳмѳндѳгγдѳй  3  булактын  негизинде  жγргγзγлѳт.

 

  1. Сѳз.
  2. Байкоо.
  3. Иш чыгармачылыгы.

Кѳрсѳтмѳлγγлγктγн  негизги каражаттары  болуп  таблица, басма  дептерлер, магниттик доска, геометриялык  фигуралардын  моделдери, эсептѳѳ  каражаттары, проектор, ар кандай  техникалык каражаттар.

 

2.4 Илимий  методдор.

Математикалык  изилдѳѳлѳрдγн  негизги методдору  болуп: эмприкалык методдор; анализ жана синтез; салыштыруу жана  аналогия;  жалпылоо, абстракциялоо  жана  конкреттештирγγ; индукция жана дедукция.

Эмприкалык  методдор. Эмприкалык методдор байкоо, ченѳѳ жана тажрыйбалардан турат. Математиканы  окутууда  эмприклык  методдорду пайдалануу  атайын  окуу ситуацияларын тγзγγ  аркылуу иш жγзγнѳ ашырылат. Мында окучулар  ѳз алдынча далилдѳлѳрдγ, матеатикалык  закон ченемдγγлγктѳрдγ  жаны ачылыш катарында табышат. Ошондуктан байкоо, ченѳѳ жана  тажрыйба  жаны ачылыштарга  алып келγγчγ окутуунун эвристикалык  методдоруна да кирет. Байкоо жγргγзγлгѳндѳн кийин, ой-жγгγртγγнγн  тууралыгын текшерγγ  γчγн  ченѳѳ  жана  тажрыйба жγргγзγлѳт.

Анализ  жана синтез. Илимий  изилдѳѳнγн  методунун логикалык жолдору – анализ жана синтез математикалык изилдѳѳлѳрдѳ  ѳзгѳчѳ чон роль  ээлейт. Ошондой математиканы  окутуунун  ар кандай формаларында  алардын мааниси ѳтѳ чон: Маселелерди  чыгаруу методу катары, теоремаларды  далилдѳѳлѳрдѳ, математикалык  тγшγнγктѳрдγн касиеттерин окуп  γйрѳнγγдѳ  ж.б. Анализ жана синтез  бири-бири  менен тыгыз байланышта, алар  жалпы аналитикалык- синтетикалык методду  тγзγп, бири-бирин толуктайт. М: анализдин  жардамы менен  татаал  маселелер  жѳнѳкѳй  маселелерге  бѳлγнсѳ, синтездин  жардамы менен  бул жѳнѳкѳй маселелердин  чыгарылыштарын бир бγтγнгѳ  бириктирγγгѳ  болт.

Анализ менен синтезге  мисалдардан  болуп, тексттик  маселелерди  чыгарууда  арифметикалык  жана  алгебралык методдор эсептелинет. Алардын биринчиси  синтезди, ал эми экинчиси  анализди тγшγндγрѳт.

М: Алмаз менен  Илгиздин  экоонун  жаштарын  кошкондо  15 болот. Илгиз 6  жашта болсо Алмаз канча жашта?

  1. 15 – 6 = 9 – чыгарылыш синтезге  негизделген.
  2. Х + 6 = 15; х= 9 – чыгарылыш  анализге  негизделген.

Теоремаларды  далилдоодо  аналиттикалык  жана  синтетикалык  методдордун колдонушун  карайбыз.

М-2: Уч  бурчтуктардын  ички  бурчтарынын суммасы 2d  экендигин далилдегиле.

Каалагандай  АВС  уч  бурчтугу  берилсин.

  


 

 

  1. Аналитикалык  жол менен  далилдениши.

2d – жайлганбурчтунчондугу, далилдоодокаалаганучбурчтуктуничкибурчужайылганбурчтажатаарынкорсотуужетиштууболот.

  1. (DK) | | [AB]  болотургандайСчекитиаркылууотуучужайылганбурчтутузобуз, мында< 5 + < 4 + < 2 = 2d.
  2. < 2  жайылган  бурчта  жатат.
  3. (DK) | | [AB]    ны  АС  кесуучу менен кескендеги  ички  кайчылаш  бурчтар болгондуктан   < 5 = < 1;
  4. (DK) | | [AB]    ны ВС  кесуучу менен кескендеги  ички  кайчылаш  бурчтар болгондуктан   < 4 = < 3;
  5. Барабар бурчтарды алмаштырсак, < 1 + < 2 +< 3= 2d болот.  (теорема далилденди).
  6. Синтетикалык  жол менен далилдоо  ыкмасы.
  7. (DK) | | [AB]   
  8. (DK) | | [AB] ны ВС  кесуучу  менен  кескендеги ички кайчылаш  бурчтар  болгондуктан  < 4 = < 3;
  9. (DK) | | [AB]    ны  АС  кесуучу менен кескендеги ички  кайчылаш  бурчтар болгондуктан   < 5 = < 1;
  10. < 5 + < 4 + < 2 = 2d – жайылган  бурч;
  11. (2) жана (3) тун негизинде   < 1 + < 2 + < 3 = 2d   болот. ( теорема далилденди).

 

Салыштыруу   жана  аналогия.Салыштыруу  жанааналогия ой-жугуртуунун  логикалык  жолдору  илим  изилдоо, ошондой  эле окутууда  кенири колдонулат. Салыштыруунун жардамы менен салыштырылуучу  объектилерди  жалпы  жана  жекече  касиеттери  аныкталат. Качан  гана бир  тектуу  чондуктардын  устунон  жана  маанилуу  белгилерин салыштырууда   эн туура  жыйынтыктар  алынат.

Салыштыруу  методун колдонууда  салыштыруунун  томондогу  принциптерин эске  алуу  зарыл.

  1. Бири – бири менен  байланышы  бар гана  объектилерди  гана  салыштырууга  болот, б.а. салыштыруу мааниге  ээ болуш керек.
  2. Салыштыруу  такталган  план  менен жургузулуш  керек.
  3. Математикалык объектилерди  ошол  эле бир касиети менен салыштыруу  аягына  чейин жеткирилип, толук болуусу  керек.

Информация о работе Математиканы окутууда методдорду тандоо