Байымбет Абдрахман уулу

Биография, 19 Декабря 2013, автор: пользователь скрыл имя

Описание работы


Байымбет Абдрахман уулу
(Тоголок Молдо)
(1860-1942)
Байымбет Абдрахман уулу (Тоголок Молдо) 1860 – жылы 17-июнда Нарын өрөөнүнүн батыш күнгөй тарабындагы Куртка деген жерде кедейдин үй-бүлөсүндө туулган. Байымбеттин атасы ашкан кедей Адам болгон.

Файлы: 1 файл

Тоголок М.doc

— 212.50 Кб (Скачать файл)

Канат, Өтөмбай, Табыштардай журт устунон ырыскы өндургөн дөөлөттүү өз туугандарын жана ушулардай эл бийлеген толуп жаткан башка «мыктыларды»:

«Куруп калсын алардын,

  Арамдан тапкан ырысы» -

деп, алардын байлыгын жериген.

Кылыч бүт өмүрүн жазуучулук ишке жумшаган. Бирок ал бул эмгегинен өз өмүрүндө береке көрбөсө да, көзу өткүчө жазуу ишинен айныган эмес.

Кылыч мектептен окуп, системалуу билим алган киши эмес. Ал элет ичиндеги ар кайсы молдолордон  анча-мынча сабак алып, талим коргон. Саяк молдо Баян, Чүйдөгү молдо Мамбетаалы, Ак молдо дегендерден азыноолак окуган.

Кылыч өмүрүнүн кийинки учурунда, 1910-жылдарда өзү да анча-мынча убакыт бала окуткан; Кылыч жалаң эле дин китептери эмес, мусулман жазуучуларынын адабий чыгармалары менен тааныш болгон, Навои, Суфи-Аллаяр, Хожа-Хафиз, Бедил, Ахмет Ясауйлердин чыгармаларын билген. Орто Азиядагы турк тилине которулган «Мин бир түн», «Тоту-нама», «Шах-нама» сыяктуу араб, фарси адабиятынын үлгүлөрү менен да тааныш болгон.

1905-жылдардан кийин  Кылыч татар тилинде чыгуучу  жаңы газета, журналдар мене таанышат. Кылычтын өз өмүрүнүн учурунда анын Зилзиля жөнүндөгү казалы басылгандыгы айтылды. Анын калга негизги чыгармалары басма жүзүн көргөн эмес. Кылыч чыгармаларын эл арасына кол жазмасы аркылуу тараткан. Кат билген кишилер көчүрүп алган. Ал көчүрүлгөн нускадан дагы бирөөлөр көчүргөн. Чыгармаларынын таралыш жолу ошондой татаал болсо да, Кылычтын ырлары учурунда эл арасына кеңири жайылган. Кылычтын ырларын укпаган кыргыз чанда болгон деп айтса да болот. Кылычтын ырларын акындар, ырчы комузчулар эл аралап ырдашкан. Ал гана эмес, Кылычтын ырларынын көпчүлүгү макал-лакап катарында эл оозунда айтылып кеткен. 

Ал доордо кыргыз эли, биринчиден, өзүнүн улут эркиндигинен ажырап падыша өкмөтүнүн эзүүсүндө калган, экинчиден, кыргыз эли жергиликтүү бай-манаптардан эзилген. Бай-болуштардын бул сыяктуу бийлиги Кылычтын «Зар заманында» мындайча мүнөздөлөт:

«Жайы кышы тарыды,

 Былтыркыдан быйылы.

                                                        Эл жегени кучоду,

      «Жакшылардын» кыйыны.

                                                        Боздотту го карыпты

    Болуштардын жыйыны!».

Улуу жазуучу Л.Н.Толстойду  «Орус элинин революциялык кыймылынын күзгүсү» деп Ленин атагандай, Кылычты да XIX кылымдагы кыргыз элинин эзилген абалынын күзгүсү деп айтууга болот. Анын чыгармаларынан ошол учурдагы кыргыз элинин эки жактан эзилген абалы, анын эркиндикти көксөгөн улуу талабы толук орун алып, андан күзгүдөн көрүнгөндөй көрүнөт.

Жыйынтыктап айтканда Кылычтын адабий-тарыхый мааниси төмөндөгүлөр:

Биринчиден, падышачылыктын колониялык саясатынын натыйжасында кыргыз эли кул катары өзүнүн улут эркиндигинен жана теңдигинен ажырап турган учурда Кылыч улут эркиндигин ырдады. Экинчиден, кыргыз эллин аесуз түрдө талаган дөдөй бий-болуштардын бийлигине каршы элдин акыйкаттуу, адилеттүү таламын сүйлөдү. Үчүнчүдөн, наадандык, караңгылык өкүм сүрүп турган учурда, ал элди илимге, маданиятка чакырды. Төртүнчүдөн, падыша өкмөтү жана бай-манаптар элдерге орус эллин жоо көрсөтүп улуттардын бири-бирине нааразылыгын күчөтүп турган учурда, орустардын улуу маданияттуу жана келечеги чексиз зор эл экендигин түшүнүп, анны элге таанытты.

 Өз учурунда Кылычтын чыгармаларынын ичинен «Зар заман», «Канаттулар», «Чүй баяны», «Буудайык», «Зилзиля» эл арасына кенен таралган. 1925-жылы «Канаттулар», «Бүркүттүн тою», «Буудайык» казалдары  Москвада араб тамгасы менен басылып чыккан.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Касым Тыныстанов

(1901-1937)

Касым Тыныстанов алгачкылардан  болуп араб алфавитинен латын алфавитине өтүү маселесин коюп, бул боюнча «Эмне үчүн латын алфавитине өтүүнү сөздүктүрүп жатабыз?» деген макала жазган. Макаласында орошон окумуштуу латын алфавитин кабыл алуунун максаты Чыгыштын селде оронгон кожомолдолорун жок кылуу, сүрүп чыгаруу эмес, кыргыз элинин адабиятын, маданиятын, дегеле рухий баалуулугун өнүктүрүп, өстүрүүгө өтө шайкеш келген органикалуу даңсыз жолго түшүү экендигин белгилеген. Ал жаңы алфавитти түзүү жеңил иш эместигин жакшы түшүнүп, «Жаңы алфавит достор коомун» түзгөн. 1925-жылы Бишкекте өткөн илимий-педагогикалык съездде К.Тыныстановдун бул сунушу бир добуштан жактырылган.

Кыргыз окумуштуусунун илимий авторитетинин өтө зордугун 1926-жылы Баку шаарында өткөн жаңы жазманы түзүү проблемасына арналган Бүткүл союздук түркологиялык конференцияда ал эң негизги докладчылардын биринен болуп дайындалышынын өзү эле аныктап турат.

«Узак сапарга карата жол алгачкы кадамдан башталат» дегендей кыргыз тилинин улуттук маданияттын бүтүндөй бир өзөгүнөн изилдөө максатында Касым Тыныстанов көп эмгектенген. Ал мектептер үчүн «Эне тил» окуу куралын түзгөн. Лингвисттер Касым Тыныстанов кыргыз тилинин үн катмарын өтө тактык менен изилдегенин үндөрдү мыкты квалификациялай алгандыгын бир ооздон белгилешип, анын бул багыттагы илимий эмгектери азыркы мезгилде да баалуулугун жоготпой келаткандыгын айтышууда. Касым Тыныстановду атамекендик фокологиянын бирден бир баштоочусу деп эң туура баа берип жүрүшөт.

Касым Тыныстанов эне  тил боюнча окуу китептерин жазуу, анын үстүнө бул боюнча эң алгачкылардан болуп изилдөө иштерин жүргүзүү оңбогондой оор иш экендигин билип туруп, тартынбастан киришкен. Анын бул каармандык эмгеги азыркы учурда да эң жогорку баага татыктуу. Тыныстанов кыргыздардын бүтүндөй бир муун кат таанууга, билимдүүлүккө үйрөткөн.

Ал жазган «Кыргыз  тилинин морфологиясы» мектептердин стабилдүү окуу куралынан болуп калган. Андан соң «Кыргыз тилинин синтаксиси» аттуу окуу китебин жазган.

Касым Тыныстановдун  чыгармачылык жана илимий иштеринин  бири «Манас» эпосу.  «Манас» эпосуна  болгон умтулуусу «Манас күмбөзү» аттуу ырынан баштаган. 1925-жылы РКП обкомунун аштпропоганда коллегиясынын заседаниесинде Тыныстанов «Манас» эпосу боюнча доклад жазган. Бул докладдын жыйынтыгында заседаниеге торагалык кылган Төрөкул Айтматов «Манас поэмасын болочокто тез арада басып чыгаруу зарылчылыгы» протоколуна кол койгон. 1935-жылы «Манас» эпосуна арналган Бүткүл союздук конференция өткөн. Конференцияда профессор К.Тыныстанов, профессор Е.Д.Поливанов, казак жазуучусу М.Ауэзов негизги докладчылардан болгон. Касым Тыныстанов окумуштуу катары «Манасты» изилдөө проблемаларын кардиналдуу турдо системага салуунун зарылдыгын белгилеген. К.Тыныстановдун, Е.Д.Поливановдун, М.Ауэзовдун илимий докладдары Манасты изилдөөнүн классикалык үлгүлөрүнөн болуп калган.

Казыбек Мамбетимин

(1901-…)

 

Казыбек Мамбетимин уулу , Казыбек казалчы (1902, Нарын облусу, Атбашы району, Четкелтебек жайлоосу – өлгөн жылы белгисиз) – атактуу казалчы. Жаш кезинде молдодон окуп, жаза билген, сабаты диний багытта ачылган. Ыр тизмектерин куюлткан, оозунан ыры нөшөрлөгөн, таланттуу казалчы болгон. 1929-жылы бай-манаптын өкүлү катары кулака тартылып (атасы менен бирге), Оренбург шаарына айдалган. 1931-жылы бошотулган. Ошол эле жылы басмачыларга кошулуп, Кытай тарапка кеткен. 1934-жылы Кытайдан кайра Кыргызстанга өтүп келе жатканда кармалып, атууга өкүм кылынган. Бирок өкүм 10 жылды түрмө менен алмаштырылган. 1936-жылга чейин түрмөдө болгон. Анын казалдарынын көркөмдүгү жана тарбиялык мааниси жогорку болуп, табиятты тамшана сүрөттөгөн, терең ойлуу санаттарды тараткан, ошол учурдагы элдин турмушун таасын чагылдырган. Айрыкча анын сүргүндө жүргөндөгү «Орунбордон каты» элге кеңири тараган. Казалдары 1990-жылдан кийин гана жарык көрө баштаган. Кол жазмалары сакталбай калган. Казалдарын Кыргызстандын бүткүл аймагында, Кытайдын Кызылсуусунда бүгүнкү күнгө чейин жатка билгендер арбын. Б.Исабеков Х.Казыбектин чыгармаларын эл ичинен жыйнап, кыргыз УИАга өткөргөн. (5том көлөмүндө). 1992-жылы «Ала-Тоо» журналынын редакциясынан «Калыгул, Казыбек» аттуу китеп чыккан.

 

 

 

 

 


Информация о работе Байымбет Абдрахман уулу