Байымбет Абдрахман уулу

Биография, 19 Декабря 2013, автор: пользователь скрыл имя

Описание работы


Байымбет Абдрахман уулу
(Тоголок Молдо)
(1860-1942)
Байымбет Абдрахман уулу (Тоголок Молдо) 1860 – жылы 17-июнда Нарын өрөөнүнүн батыш күнгөй тарабындагы Куртка деген жерде кедейдин үй-бүлөсүндө туулган. Байымбеттин атасы ашкан кедей Адам болгон.

Файлы: 1 файл

Тоголок М.doc

— 212.50 Кб (Скачать файл)

                           Бүтүн-бүтүн башка адам болор демек.

                           Жер жүзүндө түркүм-түркүм адамдарды,

                           Түрлүү-түрлүү диндерин билүү демек.

                           Тарыхын казак, кыргыз, ногой, сарттын,

                           Кай насил, кай уруктан келгендерин.

                           Бир бирден ар бирлерин баян кылдым,

                           Катама айып кылба, туугандарым.

                           Ат койдум тарыхыма «Кыргызия»,

                           Кагаз, калем алуу менен мен колума.

                           Жаздым мен бир неченди дастан кылып,

                           Окуган факырыныз Букар шарыф.

                           Төртүнчү атам Маматкулдан Болот, Темир,

                           Кашкасы аттыкындай ар ким билер.

                           Үчүнчү атам Черикчи Эр Темирден,

                           Экинчи атам Абайылда Черикчиден.

                           Өз атам Абайылдадан Сыдык маркум,

                           Дуга кыл энди бизге, туугандарым.

                           Агабыз молла Сабит дин агасы,

                           Кондурду дин жолуна туугандарын.

                           Агабыз: экинчи – Канат ажы,

       Дин учун жахилларга (наадандарга) урду камчы.

 Дин кызмат, миллетке (улутка) коңул берген

                           Табылбас артык биздин, кыргыз калкы.

                           Атабыз молла Осмонаалы,

                           Айта берсем сөздөрүм козголады.

 

 

 

 

 

 

Белек Солтоноев

(1878-1938)

 

Кыргыз элинин маданий тарыхында эң бир кызыктуу жана мазмундуу из калтырып жашап өткөн адамдардын бири Белек Солтоноев 1878-жылы

Чоңкемин жеринде (Совет бийлиги учурунда Тегирменти селолук совети деп аталган) жарды адамдын үйбүлөсүндө туулган. Ушундай жарды үйбүлөдө туулганына карабастан, атасынын тааныштыгы аркылуу Чолпонатадагы орус адамынын колунда тарбияланып, орусча билим алат. Кийинчерээк Пишпекке келип айылчарба мектебине өтөт. Бул мектепти буткөн-бутпөгөну белгисиз, бирок орус тилинде өз учуру үчүн жетиштүү түрдө билим алганы ачык эле көрүнөт. Анткени ал 1916-жылдын алдында болуштарга катчы жана котормочу болуп иштейт. Үркүндө ал эл менен кошо Кытайга качат. Кыргыз жеринде Совет бийлиги орногон кабарды уккандан кийин, тез эле өз жерине кайтып келет. 1919-1922-жылдарда Кызыл Армиянын атчандар отрядына ыктыярдууларды топтоо боюнча атайын өкүл болуп кызмат өтөйт, басмачылар менен салгылашууга катышат, тилмеч болуп да кызмат аткарат. 1922-24-жылдарда элдик көркөм чыгармаларды жыйноо боюнча уюштурулган ишке активдүү катышат. 1925-36-жылдарга чейин Фрунзедеги илим-изилдөө институтунда илимий кызматкер болуп иштейт, 1937-жылы сталиндик репрессия учурунда камалып, 1938-жылы февраль айында дүйнөдөн кайтат. Белек Солтоноевдин  кызы З.Белекова түзгөн (бул кол жазма Кыргыз Улуттук академиясынын кол жазмалар фондусунда) биографиялык таржымалдан алынган ушул жогорку маалыматтардан көрүнүп тургандай Б. Солтоноев Октябрь революциясына чейин падышалык орус бийлигине да, кийин совет бийлигинин орношуна жана бекемделишине да кызмат өтөгөн киши болгон. Анан бул адамдын тагдыры ошондой экен, өзү каалап, өзү кызмат өтөгөн Совет бийлигинен жапа чегип, Совет түрмөсүнөн каза табат.

Белек Солтоноев ушундай татаал жашаган өз өмүрүндө өз алдына абдан ачык, айкын максат койгон киши болгон. Кандай болсо да илим, билим жаңыдан ачылып, жаныдан көз жарыла баштаган караңгы элден чыккан эң биринчи адамдар социалдык турмуштун талабына жана ыңгайына жараша ар түрдүү өнөр багытын колго алган жана өнүктүргөн ар тараптуу универсалдардан болушат. Белек  Солтоноев ошолордун бири – ал тарыхчы, этнограф, фольклорчу жана акын.

Белек Солтоноевдин бүтүндөй өмүрлүк чыгармасы – «Кызыл кыргыз тарыхы», «Кыргыздардын тарыхына материалдар» деген кол жазмасы. Бул көлөмдүү эмгек арап тамгасы менен жазылып, 616 беттен турат. Автор бул эмгегин өзунун көрсөтүүсү боюнча 1895-жылдан баштап, 1934-жылы бүткөн. Б.Солтоноев бар болгону 60 жыл өмур сурсө, ошонун 40 жылдан ашыгын чыгармага сарп кылыптыр, ушунун өзунөн эле автор бул эмгегине кандай маани бергени көрүнүп турат.

 

 

 

 

Кызыл кыргыз тарыхы

 

Көк көк болуп, көккө жылдыз куралып, күн жаралып, ай чыгып, жер үстү нече түргө айланып, канча муз доору өтүп, таш-мис доорлору жетип, адам баласы чыга келип, жер жузунө акыл жумшап, анын ар тарабы жайылып, маданиятка кирише баштаганда, эң эски заман арасынан «түрк» уругу чыга баштаган. Түрк (түкүйө) кытай тили болуп, «темир туулга, темир калкан» деген сөз. Түрк деген эл адам баласынын эң эски уругунун биринен саналып, заманында адам арасында батыр, таза, калп айтпай тура элден саналган. Кыргыз ошол түрктүн саналган – фин, гун уругунан жаки түрктөшкөн могол жаки ари насилинен каны  аралашкан бир урук «курама» эл. 

Биздин эранын XIII кылымында гижираттын  VII кылымында, өзунун терең акылы аркасында даңкы чыккан араб кеменгеринин бири Мухамет казаваны жер жузунун бурулуп, кубулуп турганынан мисал келтирип, төмөндөгүнү жазган:

«Мен бир кезде калкы эң көп эски бир чоң шаарды аралап келе жатып, алдымдан чыккан бир кишиден бул шаар орнолгонуна канча болду? – деп сурадым. Анын мага берген жообу: - бул эң байыркы шаар, качан салынганы дайынсыз. Бизден мурунку эл дагы качан салынганын билбеген» - деп жооп берди. Мындан 500 жылдан соң баягы шаарга келсем ал жерде шаардан эч белги нышааны калбаган. Мен чөп чаап жургон бир кишиден «бул ордолуу шаар качан ойрон болгон» деп сурадым? «Чалым! Сенин сурооң анык сонун экен, бул жерде эч бир убакта шаар болбогон, кадимден бери ушул сен коруп тургандай тала болгон» - деп жооп берди. «Бул жерде эч бир шаар болбогонбу» дегенимде, «эч качан болгон эмес, кабарын угуп көргөнүм жок, жана шаар болгон деп, биздин ата-бабаларыбыз бизге айткан эмес», - деди. Жана 500 жылдан соң дагы ушул жерге келсем, кол болуп калган экен. Көлдүн жээгинде ар кайсы жерде бирден-экиден балыкчылардын үйү бар экен. Баягылардын жанында топтошкон кишилердин, балыкчылардын торун оңдоп жатканын көрүп, бул жерде көл бүткөнүнө канчалык заман болду деп сурасам, бул көл кадимден бул жерде, илгерки заманда дагы бул жерде ушундай көл болгон – деп, жооп беришти. Жана беш жуз жылдан соң ушул жерге келсем, баягы көргөн көлдөн да неме жок, учу-кыйырына көз жетпеген айталаа, чөл, кундун кайнаган ысыгынан ичерге бир тамчы суу табалбастан, ээн тала, элирме чөл менен келе жатсам, баягы көлдөн калган бир чалчык белгиси бар экен. Аны таптым, ошол жерге бир чуңкурчакка аз оолак жакшы гана чөп чыккан жайга мекен кылган бир кишиден келип, «суу бериңиз ичейин» деп сурадым. Суу ичип, ысыктан эсимди жыйып алган соң «бул жер ушундай болуп, которулуп кубулганына канчалык жыл болду?» дегенимде мунун берген жообу дагы мурункулардын жообундай болду. Эң акырындагы ошончолук заман өткөн соң баягы жерге келсем мурунку эң биринчиде көргөн шаардан чоң шаар орноп, андан дагы артык гүлдөп, байрап-сайрап эл журтунун жыргап-куунап, телегейи тегиз,теменеси болот болуп турганын жана калса турпатынын баштагыдан артыктыгынын, үйлөрүнун жакшылыгын көруп, «бул шаар бул жерге качан түшкөн» деп сураганымда, журтунун баары бир ооздон Берген жообу: « бул шаар эң эски замандан бери бар, качан башталганы малим эмес, мунун качан бүткөнүн кыскасы биз билбейбиз, биз түгүл биздин бабаларыбыз дагы билбеген», деп жооп беришти.

Анын биринде биздин турган жерибиз далай-далай түрүнөн бурулган. Табияттын козголуу боюнча тоо-талаага, чөл-көлгө, шаар – чалдыбарга (Зилзала аркылуу) айланган, канчалык гүлдөгөн маданияттуу толгон шаарлар жоонун зордугу менен ойрон болуп, жер менен жексен болгон; не түрлүү дүйнөнү жайпаган эл жок болуп кетип, же башка бир түрлүү элдин кол алдына карап калып, өз наам атагын, расим үрп адатын жоготкон. Күн чыгыш, күн батышты чайкап, асман-жерди кызыл канга боегон кан ичерлер, элдердин бул кезекте кымындай белгиси, тукуму калбаган.  

Жер жүзүндө адам баласы саат санап, жаңы өнөр таап, маданиятын арттырып, күндөн күнгө илим-билим техникасы өсүп бара жатат. Мисалы, Жавропо (Европа), Америка журту билим өнөр таап, аны майданга коюу ишине башка элге Караганда ылачындай зыпылдап, озуп кеткенин көрүп турабыз. Күн чыгыш калкы көбүнчө миңдеп жылдар караңгылыкта калган биздин кыргыз өнөр, илим, маданияттан кабары болбостон  жапайы катары күн өткөрүп, башка элдин кол алдында жүздөп жылдар эңгиреп эзилип, азаптан көзү ачылбай, кайгыдан кан жутуп, мал башына ээ боло албай, кордукта, зордукта күнү өтүп, жаңы гана Совет өкмөтүнүн касиети менен эл катарында болуп боз улан, боз кертик, кер мурут, кара сакал жана кыз-келиндер илим-билим, өнөргө ынты-зынтын кое баштаган үчүн кыргыздын кайдан таралып, кайсы заманда тарыхка илингендигин, кайсы жерде тургандыгын, саясы үнөмжөнү кандай болгондугун, анын расим, адет, пейли, кулкун оозеки сурап жана Жавропа, Кытай, Иран, Араб жана эски, жаңы түрк татар тарыхын, маселен дүйнөгө малым болгон тарыхчылар: Бичурин (Якинф), Бартольд, Радлов, Аристов, Миллер, Чжан-Шан, Чанчун, Клапрот, Катанов, Фишер, Григорьев, Исловцев, Махмуд Кашгары, Абулгазы, Туманский ж.б. тарыхтардан маалымат алып жаздым. Бул тарых кыргыз тарыхынын сапаты жагынан биринчи даражада болбосо да, келерде кыргыз тарыхына түбөлүктүү материал болор деген талап менен ортого салдым.

Тарых мазмуну кыргыздын  тарыхка илингенинен баштап, Октябрь өзгөрүшүнө, 1917-жылга чейинки тарыхы жазылды.   

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

                   Молдо Кылыч Шамыркан уулу Төрөкелдин

           (1866-1917)

 

Күн батыш Кочкордогу Ортоктун тоосунун түгөнгөн учу Бугучу аталат. Бул жер кадимки Төрөкелди баатырдын конушу болгон. Ушул Бугучуда 1866-жылы Кылыч төрөлгөн.

Азыр бул жер Тянь-Шань областы, Чолпон районуна караштуу «Осо-Авиахим» колхозу. Бул колхоздун мүчөлөрү негизинен Кылычтын туушкандары  - Төрөкелди уулунан куралган. Бугучуда Төрөкелдинин күмбөзү бар, ал Төрөкелди уулунун бейити деп аталат. 1917-жылы Кылыч да ошол бейитке коюлган.

Кылычтын теги – жети атасынан бери журт бийлеп келген Сарбагыш уругундагы белгилүү тукум. Кылычтын өз атасы Шамыркан – Төрөкелдинин тун уулу. Шамыркан калган төрт инисине – Баатыркан, Үркүнчү, Карасай, Чоткараларга Караганда, журт бийлигине көп илеше алган эмес. Өз оокатына тың, айыл аксакалы болуп өткөн. Шамыркандын учурунда ата бийлиги Төрөкелдинин үчүнчү уулу Үркүнчү менен кенже уулу Чоткарага өткөн. Эми Кылычтын тушунда бийликти Үркүнчүнүн балдары – Өтөмбай, Табыштар алган. Шамыркан «ата бийлигин колго алар бекен» деп Кылычтан көп үмүт кылган. Кылыч акындыктын артына түшө баштагандан кийин: «Ырдын артынан кетти, бул уулум да болбоду» деген экен.

Ал эми Кылычтын чоң атасы болсо – учурунда кыргыз арасында батыр атанып, аты чыккан кадимки чоң Төрөкелди. Төрөкелди далай чабуулдарды баштап, далай жоо чабыштарга катышып, кыргыздын уруучулдук-феодалдык күрөштөрүн баштап, жоокерчилик замандын кийинки доорунда жашаган. 1847-жылы болгон Кененсары Касымовдун чабуулун кайтарууда көрүнуктүү эрдиктерди көрсөткөн. Бугу менен Сарбагыштын чабышында да Сарбагыштардын колун баштайт. Ормон бул чабышта Бугу колдуу өлөт. Өлөр алдында: «Төрөкелди көлдү үч айлансын» деген анын осуятын аткарып, Бугу уругуна көп чабуулдар жасап, далай жабырчылыктар көрсөткөн. Ошону менен катар өзү да жабыркаган. Падыша өкмөтү кыргызды адеп караткан учурда да,  Төрөкелди ага каршы бир кыйла коркунучтарды туудурган. Ошентип Төрөкелди, Ормон кандын замандаш курбусу жана анын кол башчысы катарында болгон. Ал далай жоо чабыштарда эрдиктерин көрсөтүп, кылычына кан тамган канкор баатыр, баш киши болгон.  Төрөкелди өлөр-өлгөнчө Кочкор Сарбагышынын бийлигин колунан чыгарган эмес.

Кылычтын үчүнчү чон атасы кадимки чон Абайылда. Бул киши да баатыр атанып, зор дөөлөткө ээ болуп, Темир болот эллин бир чыбык менен имерип өткөн. Абайылда үч аялынан 12 балалуу болгон. Төрөкелди болсо Ботокөз байбиче аттуу улуу катындын үчүнчү уулу. Кылычтын төртүнчү чон атасы – наамына эл аталган кадимки чон Черикчи. Черикчи болсо, Темирдин уулу. Кылычтын жетинчи чон атасы кадимки Үчүке батыр, Үчүке, Түлкү, Черикчилер кыргыз эллине калмак хандары кысымдарын көрсөтүп турган учурда (XVII – XVIII-к.к.) жашаган. Булар кыргыздын колун баштап, калмактарга каршы уруштар жургузгөн. Эл көргөгөн эрдиктери үчүн булардын бир катарларынын наамы, кылган баатырдык иштери кыргыз элинин ооз адабиятында дагы эле болсо эскерилет.

Ошентип, кыргыз элинин өткөн доордогу атактуу жазуучу акыны Кылыч жети атасынан бери эле эл бийлеп, кыргыздын уруучулук-феодалдык бийликтерин жүргүзүп келген белгилуу манап тукумунан чыгат. Тукумдан тукумга өткөн бул ата бийлик Кылычтын учуруна чейин келген.

Кылыч өзунун ата-бабалары жөнундө мындайча ырдаган:

                                         Атымды айтсам ким билет,

                                         Атамды айтсам эл билет:

                                         Төрөкелди, Ормон деп,

                                         Төгөрөктү соргон деп.

Төрөкелдинин тукумунан жалгыз Кылычты жакыр өткөн деп айтса да болот. Үркүнчүнүн балдары Өтөмбай, Табыштардай ата жолун жолдоп, эл бийлеп, журт үстүндө жүрө алганы жок. Баатыркандын уулу Муратаалыдай мал урунуп, баш жумшап, дөөлөт күтө алганы жок. Чоткаранын балдарындай соода-сатыкка аралашып, урундуруп пайда өндүрүп, байый алганы да жок. Адилетсиздиги ашынып, шумданган заманда Кылыч адилеттүү сөзүн айтып, эзилген элдин зарын ырдап, көркөм сөз үлгүлөрүн чыгаруу менен өмүрүн өткөргөн.

Анын замандаштары Кылычтын жалгыз аты, саан уюнан башка малы болгон эмес дешет. Ар дайым жатакта калып, азыноолак жерге арпа чачып, кедейлерден бөлүнбөй, жайдыр-кыштыр Бугучунун токоюнан алыс көчпөгөн.

Кылыч бала-чакалуу киши болгон. Биринчи аялынан 6 кызы болгон, ал өлгөндөн кийин экинчи аял алып, андан да бир нече бала көргөн. Чөбүрөгөн жаш балдарын же кийиндире албай, же тоюндура албай кыйналганда: «Эй кызыталак бакырчылык, менден дос көрөр кишиси жок бекен!» деп кейиш кылган. Ошондо:

                                          «Шайырбүбү – шайыр кыз,

                                           Шаана менен айыл кыз.

                                           Шайыга куда болгондо,

                                           Как ошондо байырбыз» -

деп, эркелетип балдарын сүйүп, көңүлүн сооротуп, жокчулуктун өкүмүнө көнгөн.

Өткөн заманда адабиятты өнүктүрүү иши боюнча ар бир акын, жазуучунун жеке өз иши катарында болгон. Адабият иши азыркыдай элдик иш болуп, аны мамлекет өз курамагына алып, адабият ишмерлеринин эмгеги камсыз кылынбаган. Ошондуктан, кыргыздын өткөндөгү акындары бийлөөчү таптын өкүлдөрүнө, дөөлөттүү, даражалуу кишилерге барып кызмат кылууга аргасыз болушкан, бул бир. Экинчиден, эл кыдырып ашта-тойдо ырдап «олжо жыйнап», өз оокаттарын камсыз кылышкан. Ошондой жолдор менен гана алар чыгармасын өнүктүрө алышкан.

Эми Кылыч болсо, эл кыдырып  ашта-тойдо ырдаган эмес. Дөөлөттүүлөрдү жандап, алардан «колдоочу» да күткөн эмес. Кылыч жазуучу болгон. Ал кайта эл бийлеген жемекейлердин – бий, болуш, молдолордун атын атап, айыбын чукуп жазган. Элдин эзилген эриксиз күнүн айтып, замандын адил сөзүн сүйлөгөн. Ошондуктан Кылычтын дөөлөттүүлөр тарабынан жардам күтүшү мүмкүн эмес эле.

Информация о работе Байымбет Абдрахман уулу