Байымбет Абдрахман уулу

Биография, 19 Декабря 2013, автор: пользователь скрыл имя

Описание работы


Байымбет Абдрахман уулу
(Тоголок Молдо)
(1860-1942)
Байымбет Абдрахман уулу (Тоголок Молдо) 1860 – жылы 17-июнда Нарын өрөөнүнүн батыш күнгөй тарабындагы Куртка деген жерде кедейдин үй-бүлөсүндө туулган. Байымбеттин атасы ашкан кедей Адам болгон.

Файлы: 1 файл

Тоголок М.doc

— 212.50 Кб (Скачать файл)

Байымбет Абдрахман  уулу

(Тоголок Молдо)

(1860-1942)

 

Байымбет Абдрахман  уулу (Тоголок Молдо) 1860 – жылы 17-июнда Нарын өрөөнүнүн батыш күнгөй тарабындагы Куртка деген жерде кедейдин үй-бүлөсүндө туулган. Байымбеттин атасы ашкан кедей Адам болгон. Балдарынын эң улуусу Байымбет 14 жашка чыкканда Абдрахман дүйнөдөн кайтат. Үй-булө оор жоготууга учурайт. Байымбет жокчулуктун жана жетимдиктин азабын аябай тартат. Атасынын бир тууганы, белгилүү комузчу, атактуу ырчы Музооке колунан келишинче жардам берип, жетимдерди асырап багат. Бирок, Музооке да үч-төрт жылдан кийин дүйнөдөн кайтат. Жетимдер кайрадан оор жоготууга учурап, эми биротоло жардамсыз калышат. Кантсе да балдарды багуу керек эле. Ал түйшүктүн бардыгы балдардын улуусу Байымбетке түшөт. Турмуштан кыйналышкан соң Коңур эне алты баласын колунан жетелеп Жумгалга келишет. Беш-алты ай бул жерде болушуп, оокаттары өтпөгөнүнө көзү жеткен соң 1873-жылы Чүйгө келип, Токмок шаарынын сырт жагы Кара-Дөбө деген жерден турук алышат. Бул кезде Байымбет 18 жашка келип, жумуш кылууга жарап калган эле.

Байымбет ар кимге жалчы жүрүп, дунганга, оруска жалданып иштеп, эгинин айдап, малын багып, суусун сугарып, чөбүн чаап, кышкысын карагайын тартты. Байымбеттин зээндүүлүгүн байкаган абасы Музооке жаш баланы айылдык молдого берип көзү барында үч-төрт жыл окуткан болчу. Музооке дуйнөдөн кайткандан кийин окууну уланта алган эмес. Чуйгө келгенден кийин зээни бар Байымбет дагы окууну, билимин жогорулатууну ойлойт. Ал молдонун түрдүү жумуштарын аткарып, андан сабак ала баштайт. Бирок, молдонун катаал кысымына чыдабай бир жылдан кийин окууну таштап, өзү бала окутууга өтөт.

Байымбет өзүнүн зээндүүлүгү, сергектиги аркасында билим алып, ак эмгеги менен Адам катарына кошулуп, 22 жашында үйлөнүп, 1887-жылы туулуп өскөн жери Курткага көчүп келет. Бул мезгилде Байымбет 27 жашка чыгып, анын акындыгы артылып, элге таанылып калган кези болчу. Чүйдөн көчүп келгенден кийин Байымбет өзүнүн туулган жери Курткадан жай алып кыйла убакытка чейин жашап турду. Кийин кээ бир көрө албаган манаптардын кысымына чыдабай Дөрбөлжүн тарапка өтүп кетет.

Тоголок Молдо бала кезинде  чоң жомокчу Тыныбек Курткага келип бир нече күн «Манас» айтып жүрүп калат. Эл менен бирге куйма кулак Байымбет да жомокту берилип угат. Бул учур жетим Байымбетке каралашкан чоң атасы Музоокенин өлгөн учуруна туш келген. Бой тартып кол арага жарап калган  Байымбет жаш бөбөктөрүн, энесин, чарбасын калтырып «Манасты» үйрөнүш үчүн Тыныбекти ээрчип өз үйүнөн кетип калат. Байымбеттин зээндүүлүгүнө, анын жомокту үйрөнүүгө берилгендигине ыраазы болгон Тыныбек анны өзү менен бирге ээрчитип журуп үйрөтөт. Бала Байымбет кат тааныгандыктан бою чарчы тоголок бала болгондуктан Тыныбек аны Тоголок Молдо деп эркелетет.

Ошентип Байымбет «Манас» жомогун үйрөнүп жүрүп «Тоголок Молдо» деген атка конгон.

1936-37- жылдардын аралыгында Тоголок Молдо «Манастын» өз вариантын жазып өткөргөн. Жалпы көлөмү 53045 сап ыр. Анын жазып өткөргөн варианттын окуялары Сагымбайдын варианттарына өзгөчө жакын, бирок өзүнө таандык өзгөчөлүктөрү да бар.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Үрпүкан

 

 

Болот калем колго алып,

Болжоюн сөздүн орунун.

…………………............

Ашыклыктын зарпынан,

Аалам кылды жоругуң.

Чыдай албай ойлонуп,

Чыгардым сөздүн сонунун.

Асыл таштан көзү бар

Алтындан шакек колунда.

Жакында көрдүм бир сулуу

Көтөрөмүн жонунда.

Тилембайдан тик чыккан

Көк-колоттун оюнда.

Сүрөткө тарткан эмедей,

Сымбатың артык борумдуу.

Көптөн бери мен өзум

Көрбөдум мындай сонунду.

Бою чарчы, кара көз,

Болжосом сага сан  жетпес.

Борумун көрсө оолугуп,

Боз балдар көрсө кыя өтпөс.

Балбылдаган кара көз,

Байкасам сага жан  жетпес.

Балдан таттуу ширин  сөз,

Боз улан көрсө кыя өтпөс.

Мен сүйлөбөйм жалган кеп,

Сүйгөнүм өзүң, арман көп.

Сүрөтүңдү тарттырып

Алсам деп жургөн андан көп.

Айтсам арман арылбайт,

        Аселде сендей табылбайт.

Ашык болуп күйбөсөң,

Адамды адам сагынбайт.

Он сегиз менен жыйырма-

От арбадай зарылдайт.

Басылбастан күүлөнүп,

Барган сайын жалындайт.

Олуттуу жашка толгон соң,

Оюндан осол болгон соң,

Айланта санап ич куйуп,

Адамда сендей табылбайт.

Жылып отту кидирбей.

               Жабырлык салдың жаныма

Мурунтан Үкөй билинбей.

Арманда кылдың өзүмдү,

Айлыбыз жакын жүрө албай.

Алтындай жүзүң жалтылдап,

Атилес, шайы түрүндөй.

Жоолуктан чыккан саамайың

Тотукуштун жүнүндөй.

Азыркы турган борумуң

Алманын кызыл гүлүндөй.

Оттой табың жана элек,

Ойноп ойнуң кана элек.

Оюндун ойнор табында,

Отузга жашың бара элек.

Чачың тал-тал жибектей,

Жатасың тарткан сүрөттөй.

Асылдыгың мааниси

Акындын кызы Чүрөктөй.

Башың алтын түймөдөй,

Тилиң шекер шириндей.

Растан сага куйгөнүм,

Ражаб менен Дүрүдөй.

Аппак этиң жымылдап,

Атилес, шайы, дүйөдөй.

Кашың кара кундуздай,

Көзүң кавхар жылдыздай.

Мурунуң борум мистедей,

Аппак этиң чүштөдөй.

Тишиң тизген жахуттай,

Тырмагың аппак акактай.

Эки бетиң албырып,

Эгизден жанган панардай.

Эки эмчегиң тирсийип,

Аптапка бышкан анардай.

Боюң тегиз мунардай,

Борумуң алгыр тынардай.

Колуң асыл чынардай,

Койнуң атыр жыпардай.

Бетиң аппак пахтадай,

Бедериң жибек тувардай,

Сыртың тегиз дубалдай,

Сының чалыш кунандай.

Түгөнгүр сенин дартыңдан,

               Түндө ойготкон зарпыңдан,

               Ушунчалык ойлонуп,

               Ырдап калдым уялбай.

Үрпүкан, сага күйгөнүм,

Үч жыл болду жаңыдан.

Ашыктыктын азабын

Угуп койгун абыдан.

Салам наама кат жаздым,

Сагынып сага баралбай,

Айтышкан шерттен жаналбай.

Аныктап жооп ала албай,

Абыдан күйдүм сен үчүн,

Миз буура менен Жамалдай.

Гавхарым сынса сен үчүн,

Көрбөймүн бир да залалдай.

Башыма мушкул иш салдың,

Боз жигит менен Жамалдай.

Тапканымды сарп кылып,

Турармын сенден аябай.

Койнуңда жатып өлсөм дейм

Козуке менен Баяндай.

Өңүм десем түшүмдөй,

Өзгөчө куйдум сен учун

Олжобай менен Кишимдей.

Асылга асыл табылбайт,

Асылга асыл табылса,

Ашыктык оту жалындайт.

Басылбастан күүлөнүп,

Барган сайын жалындайт.

Калган көңүл, качкан куш,

Кайта издесе табылбайт.

Акылдан айнып сен  учун

Күйгөнүмдү билбейсиң,

Сүрөтүңдү сагынып

Сүйгөнүмдү билбейсиң.

Арманым айтып зарланып

Жүргөнүмдү билбейсиң.

Аткан таңдай тамагың,

Ак алмадай сагагың.

Арманым айтып сен үчүн,

Айтып ырдап барамын.

               Акылың болсо ойлонуп,

               Күйгөнүмө карагын.

               Күйгөнүмдү эстесең,

Күндө үч убак карагын.

Кадимки сөздө бар болсоң,

Кадырым билген жар болсоң,

Кошомат эмес, анык сөз,

Кошулууга зар болсоң –

Кагаздан сөзүм угарсың,

Качыкеден чыгарсың.

Чыксаң мага тиерсиң,

Чының менен сүйөрсүң.

Чыбыктай болуп буралып,

Чырмалышып журөрсуң.

Билеселүү жан болсоң,

Бул сөзүмө кирерсиң.

Сенин боюңду көруп боздоюн,

Борумдуу сөздөн козгоюн.

Караңды көруп какшайын,

Кадимки сөздөн баштайын.

Пикирлерге кор кылып,

Сөзүмдү кантип таштайын.

Акылмандын агынан,

Ашык болдум абыдан.

Чындап жаным күйдүрүп,

Отко түштүм жаңыдан.

Карарып көзуң моймолжуп,

Калыпка тартып койгонсуп.

Кайгыны мынча не салдың,

Кант уйкумдан ойгонуп?

Сүзүлүп көзуң моймолжуп,

Сурөткө тартып койгонсуп.

Түйшүктү мынча не салдың,

Түн уйкумдан ойготуп?

Түн уйкумду үч болуп,

Түрлүү-түрлүү ойлонтуп.

Атилес көйнөк кийгениң,

Аста басып жүргөнүң.

Акактай тишиң какшайып,

Адамдан башка күлгөнүң.

Дукаба бешмант кийгениң,

Түрлөнүп басып жүргөнүң.

Секетпай сага зарланып,

Сен үчүн анык күйгөнүм.

Үрпүкан сага кеп айтам,

Убада сөздү бек айтам.

Азелде тагдыр буюрса,

Аламын сени деп айтам.

Туткуйдун башы Аралдан,

Кудурет берсе боштондук,

Кутулсам деп жалындан.

Убада сөздө бар болсо,

Үрпүкан турат каралда,

Кадимки сөздөн жанбасаң,

Каалабасмын залалга.

Боечор келген кара көз,

Борумуңа калдым таң.

Упадай бетте жууну жок,

Устуканың алтындан.

Карагаттай мөлтүрөп,

Жез кумганга суу алып.

Алганың мындай болгон соң,

Адамда арман калабы.

Ашыктык оту күйдүрбөй,

Адамзат бенде жанабы.

               Күнү үстүндө кор болдуң,

 

Карарып кашың тартылган. Гүлгүн жашың тең жүрбөй.

Так он беште кезиңде, Чидердеп  сени өтөт бейм,

Сага, тааныштык кылды  кандай жан? Эркиңче ойноп күлдүрбөй.

Бурала басып жүргөнүң Чогулса сени сөз кылат

Белестин кызыл гүлүндөй. Чоро, саяк манабы.

Сүйлөгөн сөзүң татыктуу Байымбеттен баш күндөн

Бураган арген үнүндөй. Алсам деп жүргөн талабы.

Оозуңдан чыккан илебиң Айткан менден бекер сөз,

Булбулдун мукам үнүндөй. Албаса арман калабы?

Жылмайып басып жүргөнүң Серпкенде каштан билгениң,

Жайлоонун айлуу түнүндөй. Секин басып жүргөнүң,

Туткуйдун башы көк колот, Көөнумдөн кетпейт асыл зат,

Кайнатаңыз Бекболот… Сермелип карап күлгөнүң.

Кадырлаш Үкөй өзуңө, Какканда каштан билгениң,

Качан сөзүм эп болот? Аста басып жүргөнүң,

Аксайдын башы жайылма, Оюмдан кетпейт асыл зат,

Айлаңыз көчүп көп конду. Кашкайып карап күлгөнүң.

Арманың айтып зарланып, Жабырымды билбейсиң,

Айныганың көп болду. Жалганбы менин күйгөнүм?

Сабырдын түбү сары алтын, Же жыйырма беш кайран жаш,

Сабырлуу болсоң жетерсиң. Менден кеттиң билинбей.

Сабырсыз болсоң бекерсиң, Жабыркаттың жанымды,

Сагынбай таштап кетерсиң! Жаш кезде колого илинбей.

Сабырлуу болсоң озорсуң, Азаттык болсо чыксаңчы,

Самаган жерден тозорсуң. Ашыктык отко күйдүрбөй.

Сабырсыз болсоң осолсуң, Экинин бири болгончо

Барган сайын бошорсуң. Экөөбуз жүрсөк телмирбей.

Турбасаң шертке, Үрпүкан,

Тултук эмчек кополсуң.

Карайсың көзүң кылгырып,

Какшык айтып жылдырып.

Качан колго тиесиң,

Какшатпай жанды тындырып.

Аста басып буралып,

Арка чачың чубалып,

Алганым болсо Үрпүкан

Аптабага суу алып.

Секин басып суу алып,

Желке чачын чубалып,

Жеткеним болсо Үрпүкан

 

 

 

Осмонаалы Сыдыков

(1877-…)

 

Кыргыз элинин алгачкы  тарыхчы – окумуштуусу Осмонаалы  Сыдыков 1877- жылы Пишпек уездинде, Темирболот айылында туулган (азыркы Кочкор району, Кызылдобо аймагында). Өз атасы Кыдык (белгисиз, аныкталбаган себептер менен Сыдык болуп кеткен) Абайылдын кичи аялынан, ортончу аялынан Ыбыке болгон. Канат хан Ыбыкенин баласы. Осмонаалы 6 жашка чыкканда энеси өлүп, Баланы Канат хан асырап багып алат. Ушул жерде Канат хандын колунда жургөндө молдодон кирди-чыкты билим алат. Ал өзунун жазгандарын «Мухтасар тарых Кыргызия» деген ат менен 1913-жылы Өфөдө жарыкка чыгарат. Анын «Тарых кыргыз Шабдания» деген экинчи эмгеги 1914-жылы ошол эле Өфө шаарында жарыяланат.

Тилекке каршы Осмонаалы Сыдыковдун өмүр баянынын көп маанилүү учурлары али тактала элек. Ал турмак 1945-жылы 5-октябрда КырФАНга өткөрүлгөн «Осмонаалы Сыдыков. Толук өмүр баяны» деп аталган документе да (ким тарабынан даярдалганы, ким тарабынан өткөрүлгөнү да белгисиз), бул адамдын совет учурундагы кийинки тагдыры толук чагылдырылган эмес. Бул документ боюнча О.Сыдыков 1920-жылдан тартып 1928-жылга чейин Пишпек шаарындагы татар мектептеринде мугалим болуп журуп, 1931-жылы камалган деген гана маалымат берилет. Ал эми Х. Карасаевдин билдирүүсү боюнча 1933-жылы камалып, түрмөдөн чыккан соң, Текеске кетип калгандыгы айтылат. Айтор ал эмне учун камалган, кантип качып кеткен, качан каза болгон, мунун бары белгисиз.

Осмонаалы Сыдыковдун негизги  эмгеги «Мухтасар тарых Кыргызия», «Тарых кыргыз Шабдания». «Мухтасар  тарых Кыргызияны» азыркы жазууга биринчи жолу өткөргөн Х.Карасаев мындай деп жазат: «Бул китепче тарых эмес, санжыра, кыргыз урууларын Оң, Солдон тартып, негизги чоң урууларды, алардын пайда болушун жазган. Албетте бул да абдан керек. Китепти түзүүчү бүткүл кыргыз урууларына барып, алардын аксакалдарынан, санжырачыларынан сураштырып жүрүп жазган. Мунун илимий аппараты – көптү билген карыялар болгон, ошолордун айтып бергендерин гана кагазга түшүргөн».

Бул айтылган сөздөрдө албетте, адилеттик бар. Анткени санжыра, бул илимий тарых эмес. Ал оозеки түрүндө сакталып келген элдик тарыхый баяндын жыйындысы.

Осмонаалы Сыдыковдун өз өмүрүнүн көпчүлүк жагы белгисиз болуп калгандай, ал кандай көркөм чыгармаларды жаратканы да белгисиз. Ал көп эле жазган болуу керек. Совет бийлиги тарабынан тынымсыз куугунтукка алынган Адам аларды ачыкка чыгара албагандыр. Анын белгилүү болгон көрүнүкт үү көркөм чыгармасы – «Шабдан казалы».

 

 

 

 

 

Мухтасар тарых  Кыргызия

 

Колума калем алдым тарыхты жазмак үчүн,

Туугандарымды курдаштарым  билсин үчүн.

                           Бу тарых жазылды кыргыз үчүн,

                           Кыргызды кыйла калктар билсин үчүн.

                           Бу тарых билдирер бабабызды,

                           Эки жүз миң үйлүү кыргыздарды.

                           Болуптур түп атабыз Угуз хандан,

                           Угуз хан бири болуптур тогуз  хандын.

                           Аңтардым алда канча тарыхтардын,

                           Кыссасын нечен-нечен өткөн жандын.

                           Тарых демек – өткөндөрдүн алын билмек,

                           Ата-баба, олуялар жайын билмек.

                           Акылы артар пикири өткүрлөнүп,

Информация о работе Байымбет Абдрахман уулу