Адабий тилдин лексикологиясы жана орду

Автор работы: Пользователь скрыл имя, 04 Июля 2013 в 10:42, курсовая работа

Описание работы

Ал эми кыргыз адабий тилинин сырткы мүмкүнчүлүктөр аркылуу байышына орус тили зор таасир тийгизди. Кыргыз адабий тилинин пайда болуу жана анын алгачкы өнүгүү этабында эле орус тилинен жана ал аркылуу башка тилдерден экономикага, илим менен техникага, өнөр жай менен айыл чарбага, маданият менен адабиятка жана искусствого байланыштуу көптөгөн терминдер, жаңы сөздөр, түшүнүктөр кабыл алынды жана бүгүнкү күндө да кабыл алынууд.

Содержание работы

Киришуу………………………………………………………………………..…3
Биринчи глава. Адабий тилдин лексикологиясы жана орду
Лексикология жана фразеологияны илимий предмет катары окуп уйронунун мааниси………………………………………..……………..5
1.2. Соз-лексикалык бирдик…………………………………………………..15
Экинчи глава. Создун жасалышы. Анын системалык мунозу, соз жана нерсе……………………………………………………………………………...18
2.1 Соз жана тушунук………………………………………………………….21
Учунчу глава. Семасиология
3.1 Семасиология жонундо жалпы тушунук……………………………….22
3.2. СӨЗ ЖАНА АНЫН МААНИЛБРИ…………………………………….24
Жыйынтыктоо………………………………………………………………….32
Колдонулган адабияттар……………………………………………………..33

Файлы: 1 файл

Адабий тилдин лексикологиясы жана орду.docx

— 51.14 Кб (Скачать файл)

3. Сүйлөмдө айтылып жаткан  ойго карата сүйлөөчүнүн мамилесин  билдирген 

сөздөр: албетте, мүмкүн. сыягы. демек. биринчиден, тилекке каршы. чындыгында ж.б.

4. Адамдардын ички сезимин,  эмоциясын, ар кандай эрктик  мамилесин билдирген сөздөр: ах! ух! Баракелде! Бали! Пай-пай! Так-так!  Кагылайын! Апей! Кокуй! ж.б.

Жыйынтыктап айтканда, сөздүн мааниси айрым учурда тигил же бул нерсеге, анын сандыкжана сапаттык белгилерине, кыймыл-аракетине тиешелүү болсо, башка учурда сөздөрдүн ортосундагы  семантика-грамматикалык катышына, үчүнчү учурда сүйлөөчүнүн айтылып  жаткан ойго карата мамилесине, төртүнчү учурда ичкисезимге, эмоцияга тиешелүү болот. Ошондуктан аларды лексика-грамматикалык жалпылыктарына жана семантика-функционалдык аткарган милдеттерине карата: 1) маани берүүчү сөз түркүмдөрү, 2) кызматчы сөздөр, 3) киринди же модаль сөздөр, 4) сырдык сөздөр деген төрт топко бөлүштүрөбүз.

Биринчи топтогу сөздөр (маани  берүүчү соз түркүмдөрү) тилде  аткарган кызматы, мааниси жагынан  семасиологиянын предмети катары каралып, ал өз ичине сөз маанилери жана анын түрлөрү, сөз маанилеринин структурасы, сөз маанилеринин кыргыз китептеринин электрондук китепканасы жана анын жолдору, лексикалык системадагы сөз  маанилеринин орду сыяктуу маселелерди  камтыйт. Ал эми калган топтор (кызматчы, киринди жана сырдык сөздөр) лексикология үчүн негизги маселе болуп эсептелбейт. Ырас, лексикалык бирдик катары алар жөнүндө белгилүү даражада лексикологияда да сөз болот. Бирок бул топтогу сөздөрдө лексикологиялык белги-касиетке караганда грамматика-функционалдык белги-касиеттер алда канча басымдуулук кылгандыктан, алар лексикологиянын негизги объектиси боло албайт. Андыктан бул жерде алардын лексика-грамматикалык табияты аркылуу мүнөздөлүүчү спецификалык өзгөчөлүктөрүнө токтоло кетүү максатка ылайыктуу.

Сөз түркүмдөрү лексикалык жана грамматикалык өзгөчөлүктөрүнө  карай маани берүүчү жана маани  бербөөчү болуп, эки чоң топко  бөлүнөт. Сөздөрдүн маани берүүчү  тобуна лексикалык мааниге ээ боло алган зат атооч, сын атооч, сан  атооч, тактооч, этиш кирет. Ал эми маани бербөөчү топко өзүнчө жеке турганда конкреттүү лексикалык маанини билдире албаган сөздөр кирет. Алар негизги сөз түркүмдөрүнө ар түрдүү кошумча маани берүү үчүн кызмат кылат. Кыскасы, «грамматикалык мааниде

колдонуу менен, баштапкы формасын өзгөртүп, мүчө сыяктуу бүтүн  сөздүн бөлүгүнсактап калган»1мындай сөздөр кызматчы сөздөр деп аталат.

Кызматчы сөздөр өзүлөрүнө  мүнөздүү болгон жогоркудай белги-касиеттери боюнча жалпылыкты түзгөнү менен, алардын  ар бири грамматикалык жана функционалдык  жактан өз алдынча спецификалык бөтөнчөлүктөргө  да ээ.«Жандоочтор сырткы түрү жагынан  сөзгө окшогон менен, өз алдынча  турганда белгилүү бир түшүнүктү  бере албайт. Сүйлөм тизмегиндеги сөздөрдү өз ара байланыштыруу үчүн кызмат кылат, бири-биринин грамматикалык  маанилерин толуктайт, тактайт» 2. Ошондой  эле «жандоочтор өзгөчө сөз түркүмү  катары эсептелбейт, алар грамматикалык  каражаттардын гана функциясында колдонулат»3. Буга байланыштуу айрым бир грамматикаларда  жандоочтор «өз алдынча турганда

лексикалык мааниге ээ болбогон сөз-мүчөлөр»4катары да каралып  жүрөт.

Ал эми «байламталар кандайдыр  бир лексикалык мааниге ээ эмес, ошондуктан өзүнчө колдонулбайт, сүйлөм мүчөлөрүнүн милдетин аткара албайт, сөз менен сөздү, сүйлөм менен  сүйлөмдү өз ара байланыштыруу үчүн кызмат кылат. Ошол себептүү алар кызматчы сөздүн тобуна кирет» 5. Ушул сыяктуу  эле бөлүкчөлөр даконкреттүү толук  мааниге ээ эмес, абстракттуу грамматикалык  мааниге ээ. Алар сүйлөмдөгү айрым  сөздөргө, сөз айкаштарына же бүтүндөй сүйлөмгө ар түрдүү кошумча маанилерди берет»6.

Ошентип, кызматчы сөздөр өз алдынча лексикалык бирдик катары атоо маанисине же семантикалык бүтүндүккө ээ боло албаган мүнөзүнө байланыштуу  алардын табияты, негизинен, грамматикалык-функционалдык  өзгөчөлүктөрү боюнча аныкталат.

Бул жагынан алганда, кызматчы сөздөр, өйдөдө көргөндөй, толук маанилүү сөздөрдү өз ара байланыштырып, алардын  ортосундагы ар кандай грамматикалык  катыштарды, семантикалык жактан кошумча  маанилерди билдирет. Мындай функцияларына  каратаалар көпчүлүк түркологиялык  адабияттарда «Сөз — аффикстер» же «грамматикалык каражат» деген терминдер  менен аталып, сөз өзгөртүүчү формалардын  эквиваленти 

1. Толук маанилүү сөз  сыяктуу сырткы түзүлүшү боюнча  белгилүү бир туруктуу мүнөздөгү  тыбыштык комплекске ээ.

2.Функционалдык жактан  грамматикалык бирдиктерди өз  ара байланыштырып, алардын ортосундагы  маанилик катыштарды билдиргенине  байланыштуу сөз катары табияты  грамматикалык мааниси аркылуу  аныкталганына карабастан, кызматчы  сөздөрдүн айрымдары белгилүү  бир даражада маанилик бүтүндүктү  сактаптурган да болот. Мисалы: ары, бери, көздөй, карай — орундук,  мейкиндик, багыттык маанилер; өтө,  абдан — күчөтүү мааниси: кийин,  мурун соң, илгери — мезгил  мааниси ж.б.

3. Кызматчы сөздөрдүн  системасында грамматикалык жактан  аткарган кызматтары боюнча алардын  (кызматчы сөздөрдүн) ар бири  өз алдынча сөз түркүмү катары  каралат.

Ошентип, кызматчы сөздөр кайсы  бир белгилери боюнча сөз формаларынан айырмаланса, кайсы бир белгилери  боюнча толук маанилүү сөздөр менен  жалпылыкка ээ. Мындай айырмачылык  менен жалпылык кызматчы сөздөрдү кадыресе маани берүүчү сөз түркүмдөрүнө жакындаштырат жана аларды сөз формалары  менен параллель коюуга жол бербейт. Бирок, ошентсе да, кызматчы сөздөрдү лексикалык мааниге ээ сөздөр менен  бирдей кароого да болбойт. Бул алардын  лексикалык толук маанидеги сөздөрдөн  болгон төмөнкүдөй лексика-семантикалык жана грамматикалык бир катар  принципиалдуу айырмачылыктары  менен түшүндүрүлөт:

1. Лексика-семантикалык жактан  өз алдынчалыкка ээ эмес, ошондуктан  өз алдынча сөз айкашынын компоненти, сүйлөмдүнмүчөсү катары келе  албайт.

2. Жаңы сөздөрдүн жасалышына (аффиксациялык, синтаксистик жана  семантикалык жолдор аркылуу)  негиз боло албайт.

3.Толук маанилүү сөздөрдөй  грамматикалык тигил же бул  категорияга ээ эмес, б.а., сөз  өзгөртүүчү категориялардын форма-көрсөткүчтөрү  менен өзгөрбөйт.

Сөз турмуштагы ар кандай түшүнүктөрдү, көрүнүштөрдү, кыймыл-аракеттерди түз  мааниде гана атап көрсөтпөстөн, аларды өтмө-образдуу мааниде да мүнөздөп, сүрөттөп көрсөтөт. Мындай маани сөздүн түз мааниси аркылуу пайда  болот да, аны менен маанилик жалпылыгы  боюнча тыгыз байланыш түзөт. Ошондуктансөздөгү  өтмө маанинин түшүнүлүшү, негизинен, контекстке көз каранды болуп, түз  маани менен болгон тыгыз байланыштуулугу  аркылуу гана шартталып турат.

Мисалы, Түн суук, кыш ышкырат, үйлөрдү ачып, ой-кырга дубана күмүш  чачып. (А.О.) Уңулдап ыйлап бараткан мотор бир маалда онтоп ийип, калчылдап  барып үзүлдү. кыргыз китептеринин электрондук китепканасы (Ч.А.) Аскалуу  тоолордун койну толгон алтын. (Ж.С.) Ошол жылы Гүлсарынын жылдызы жаркылдап  чыга келди. (Ч.А.)Тилде жогоркудай өтмө маанилер сөздөрдүн семантикалык жактан колдонулуш сферасынын кеңейишинин  эң активдүү да, ийкемдүү да жолу катары адамдардын турмуштук көрүнүштөргө карата көркөм ой жүгүртүүсүнөн келип  чыккан

ассоциациялык маанилерди сөз  аркылуу туюнтуунун негизги амалдарынын  бириболуп саналат.

 

 

 

 

 

 

Жыйынтыктоо

Сөздүн мааниси турмуштагы объективдүү нерселердин, көрүнүштөрдүн  конкреттүүаттарына (бала, чымчык, гүл, кой, китеп), алардын кыймыл-аракетине (ойноду, учту, ачылды, жайылды) же сандык, сапаттык белгилерине (кичине, кызыл, коп, жакшы) гана негизделбестен, объективдүү  дүйнөдө кездешпеген, адамдардын аң-сезиминде  гана жашоочу бакыт, жашоо, уйку, кубаныч, азап, кайгы, таарыныч, айла, амал деген  сыяктуу абстракттуу түшүнүктөрдүн  аттарына да негизделет.Сөздүн мааниси  бири-бири менен тыгыз байланыштагы лексикалык жана грамматикалык белгилердин  бирдигинен турат. Анткени сөздүн лексикалык мааниси жеке алынган заттардын, нерселердин, кыймыл-аракеттердин атоо формасы катары грамматикалык маанилерден (грамматикалык маанинин формаларынан) сырткары негизги функциясы болгон пикир алышуу каражатына айлана албайт. Ал эми лексикалык маани аркылуу туюндурулуучу мазмунсуз грамматикалык маани жөнүндө сөз кылууга болбойт.Мисалы, чымчыктын балапаны же шаарга барам деген сөз айкаштарындагы бир заттын экинчи затка тиешелүү болушун жана кыймыл-аракеттин белгилүү бир орунга багытталышын билдирүүчү коммуникативдик мүнөздөгү мазмунду андагы =нын, =ы жана =га, =ым формалары туюндурган грамматикалык маанилерсиз берүүгө мүмкүн эмес. Ошондой эле грамматикалык жогоркудай формалар белгилүү бир материалдык негизге таянылбаган,мазмунсуз, эч кандай мааниге ээ боло албайт.

Демек, сөздүн грамматикалык  жана лексикалык маанилери бирин  экинчиси маанилик жактан толуктап туруучу  өз ара тыгыз байланыштагы көрүнүш. Бирок аларды жекече алганда маанилик табияты боюнча бири биринен айырмалуу. Тагыраак айтканда, лексикалык маани  сөздүн жеке маанисине негизделсе, грамматикалык маани жеке маанилердин  лексика-грамматикалык жалпылыгына  негизделген анын бүтүндөй бир тобуна тиешелүү маани. Мисалы, мектеп — окуучулар  окуй турган орун, жай. Балык — сууда  жашоочу канат сыяктуу калкандары бар жаныбар. Мындайар бир заттын же көрүнүштүн өзүнө гана тиешелүү маани сөздүн лексикалык мааниси катары каралат. Ал эми грамматикалык маани сөздүн жогоркудай жеке маанисине эмес. мектеп, балык. гүл, жылкы. бала ж.б. деген сыяктуу жандуу жана жансыз заттардын бүтүндөй тобуна тиешелүү маани болуп, алардын мына ушундайзаттык мааниси зат атооч сөз түркүмүнүн системасында каралышын шарттайт.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

КОЛДОНУЛГАН АДАБИЯТТАР

  1. Аканов Б.А., Карамзин Н.А. Основы научного исследования. - Алматы: Мектеп, 1989. - 133 б.
  2. Акунова А.Р. Кыргыз тилинин фразеологиясын окутууда сабактын стандарт эмес түрлөрүн окутуу.// Эл агартуу.-2002.- апрель.
  3. Алыбаева Г. Элдик мугалимдердин акыл-кеңеши менен мектеп реформалар алга жылат. // Кутбилим .-2007.- 27-апрель.-2-3 -б.
  4. Анарбекова Г. Интерактивдүү ыкмадагы эки сабак. // Кутбилим -сабак.-№ 3.-2006.- 6 -б.
  5. Асанова Ж. Студенттерди педагогдун кесибине үйрөтүүнүн  теориялык-практикалык негиздери. - Бишкек: Учкун, 2000. - 252 б.
  6. Ахматов Т.К., Мукамбаев Ж. Азыркы кыргыз тили: Фонетика, лексика. -Фрунзе: Мектеп, 1978. - 176 б.
  7. Ахматов Т.К., Өмүралиева С. Кыргыз тили: Фонетика, лексика. -Фрунзе: Мектеп, 1990. - 234 б.

 

 

 

 


Информация о работе Адабий тилдин лексикологиясы жана орду