Чыңгыз Төрөкулович Айтматов

Автор работы: Пользователь скрыл имя, 13 Апреля 2014 в 13:17, реферат

Описание работы

Чыңгыз Төрөкулович Айтматов 1928-жылы 12-декабрда азыркы Кыргыз Республикасынын Талас облусунун Кара-Буура районундагы Шекер айылында мамлекеттик кызматкердин үй-бүлөсүндө туулган. Ал кезде Шекер айылы СССРдин РСФСРинин Кыргыз АССРинин Талас кантонунда болчу.
Атасы Төрөкул Айтматовадегенде 1927-жылдан тартып, 1932-жылга чейин большевиктер партиясынын Жалал-Абад кантонунун биринчи катчысы, андан соң Кыргыз обкомунун катчысы болгон. Андан соң Төрөкул 1937-жылы репрессияланып, 1938-жылы жазыксыз жерден "пантүркист" катары атылып кеткен. Эл ичинде кадыр-барктуу, көрүнүктүү адамдардан болгон.

Файлы: 1 файл

Чынгыз Айтматов.docx

— 93.06 Кб (Скачать файл)

          Кыргыз-Орус Славян университети

                        

 

Тема: "Чыңгыз Төрөкулович Айтматов"

Аткарган: Кыдыралиев Эрмек

 

 

 

                                     Бишкек 2014

 

              Чыңгыз Төрөкулович Айтматов

 

    Чыңгыз Төрөкулович Айтматов 1928-жылы 12-декабрда азыркы Кыргыз Республикасынын Талас облусунун Кара-Буура районундагы Шекер айылында мамлекеттик кызматкердин үй-бүлөсүндө туулган. Ал кезде Шекер айылы СССРдин РСФСРинин Кыргыз АССРинин Талас кантонунда болчу.

Атасы Төрөкул Айтматовадегенде 1927-жылдан тартып, 1932-жылга чейин большевиктер партиясынын Жалал-Абад кантонунун биринчи катчысы, андан соң Кыргыз обкомунун катчысы болгон. Андан соң Төрөкул 1937-жылы репрессияланып, 1938-жылы жазыксыз жерден "пантүркист" катары атылып кеткен. Эл ичинде кадыр-барктуу, көрүнүктүү адамдардан болгон.

Апасы, Нагима Хамзеевна Айтматова - теги боюнча караколдук татар. Жергиликтүү театрда актриса болгон. Билимдүү, эл оозуна алынган, акылдуу аялдардан болгон. Анын атасы Хамза Каракол шаарындагы бай жана интеллектуал татарлардан болгон.

1942-жылы II Дүйнөлүк согуштун кесепетинен Чыңгыз Айтматовго мектепти убактылуу таштоого туура келет. Ал убакта Айтматов 14 жашта эле. Шекер эли аны кат-сабаттуу болгондуктан айыл өкмөтүнүн катчысы кылып шайлап коёт. Ошол кезде жаштардын арасында кирилче кат тааныган улан-кыздар саналуу гана эле (калгандары кыргыздын арапча же латынча жазмаларын билишкен). Жаш Чыңгыздын башына кыйынчылыктар түшөт. Бирок ал баарына чыдамкайлык менен туруштук бере алды..

Андан кийин ошол эле согуш жылдарында райондук салык чогултуучу болуп иштейт. Айыл калкынан салык чогултат. Бирок согуш маалында ага салык чогултуу оңойго турган жок. Бир жылдан кийин, 1944-жылы август айында бул ишин өз эрки менен таштайт да, тракторлук бригаданын эсепчиси болуп иштейт.

1946-жылы, сегизинчи классты аяктагандан кийин Жамбылдагы зооветеринардык техникумга окууга өтөт.

1948-жылы техникумду мыкты аяктап бүтүргөндөн кийин Кыргыз айыл-чарба институтуна окууга кирет. Аны дагы 1953-жылы мыкты аяктайт.

1990-жылдардан баштап СССРдин жана Кыргыз Республикасынын дипломатиялык миссияларын башкарган.

2008-жылы 16-майда Татарстанда сапарда жүргөн чагында бөйрөгүнүн иштебей калганына байланыштуу жазуучуну Германиянын Нюренберг шаарынын ооруканаларынын бирине жеткиришет. Ал жакта 2008-жылдын 10-июнунда пневмония оорусунун кесепетинен жазуучу көз жумду.

Айтматовдун дээрлик бардык чыгармаларында махабат баяндалат. Чындыгында, окурмандарынын жүрөгүнө жеткен ал махабаттар ой-кыялдан гана жарала калган эмес. “Аскада калган аңчынын ыйы” аттуу китебинде Чыңгыз Айтматов: “Жашырганда не? Студент кезде, жаштык чакта бий аянтында, той-тамашада далай кыз менен таанышкан учурларыбыз болгон. Ошолордун ичинен өзүнүн жан сезими менен да, келбети менен да бүт эркимди бийлеген махабат өмүр бою эсимден кетпей калды. Ал – кыргыз искусствосунун маңдайына бүткөн чолпон жылдызы, атактуу бийчи Бүбүсара Бейшеналиева болчу...”- деп жазат. Ч.Айтматов менен Бүбүсара Бейшеналиеванын махабаты тууралуу драматург жана режиссер Ж.Кулмамбетов "Чыңгыз менен Бүбүсайра" аттуу драма жазып, 2005-жылы Кыргыз мамлекеттик Б.Кыдыкеева атындагы ТЮЗда коюлган. Ал эми 2008-жылы ушул эле драманын негизинде Ж.Кулмамбетов "Чыңгыз менен Бүбүсайра" деген фильм тарткан.

Журналист Жаныбек Жанызак “Айтматовдун айымдары” аттуу китепче жазып, ал китепче калкка кеңири тарап кеткен. Жазуучу буга жооп кылып жогоруда аты аталган китебинде: “Уруксатсыз бирөөнүн жандүйнөсүнө үңүлүү жакшы адеп эмес. Мейли, өзүнө ылайык көрсө, жаза берсин. Кайсы жазмакердин каламына тоскоол болмок элек”- дейт да, кебин улай: “Керез – алгачкы жубайым. Жаштык, студенттик кездин алоолонгон кыйын ашууларын бирге аштык. Апам Нагима маркум экөө эне-кыздай сыйлашып, көп жыл турмуштун ачуу-таттуусун бирге татышты. Керезден Санжар, Аскар аттуу эки уул көрдүм. Өмүрүмдүн кайталангыс күлгүн курагын кайра жаралгыс таланттуу, акылдуу, ажарлуу айымдар коштоду”.

                                   Сыйлыктары. Наамдары


  • 1958 - "Эмгектеги артыкчылыгы" медалы менен сыйланган.

  • 1962 - "Эмгек Кызыл Туу" ордени менен сыйланган.

  • 1963 - "Повести гор и степей" деген китеби үчүн Лениндик сыйлыкка татыктуу болгон.

  • 1967 - "Эмгек Кызыл Туу" ордени менен сыйланган.

  • 1968 (август айында)- Кыргыз ССРинин эл жазуучусу деген ардактуу наам берилген.

  • 1968 (ноябрь айында) - "Жаныбарым, Гүлсары" повести үчүн Мамлекеттик сыйлыкка татыктуу болгон.

  • 1971 - Ленин ордени менен сыйланган.

  • 1974 - Н.К.Крупская атындагы медаль менен сыйланган.

  • 1975 - "Манас атанын ак кар,көк музу" очерки үчүн "Огонек" журналынын сыйлыгы ыйгарылган.

  • 1976 - "Эрте келген турналар" аттуу повести үчүн Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыгы ыйгарылган.

  • 1977 - "Ак кеме" повести жана ал боюнча жазылгал көркөм фильмдин сценарийи үчүн СССРдин Мамлекеттик сыйлыгы ыйгарылган.

  • 1978 - Ленин ордени жана "Орок жана Балка" алтын медалы менен сыйланган; Социалисттик эмгектин Баатыры" деген * наам ыйгарылган.

  • 1979 - "Эрте келген турналар" жана "Деңиз бойлой жорткон Ала дөбөт" аттуу чыгармаларындагы терең гуманизм жана адам улуулугунун духун ачкандыгы үчүн Италиянын Вольтерра шаарынын көркөм коомчулугу 1-сыйлыгын ыйгарышкан.

  • 1980 - Италияда "Эрте келген турналар" жана "Дениз бойлой жорткон Ала дөбөт" чыгармалары үчүн эл аралык "Этрурия" сыйлыгы тапшырылган.

  • 1983 - "Кылым карытар бир күн" романы үчүн СССРдин Мамлекеттик сыйлыгын алган.

  • 1984 - "Элдердин достугу" ордени менен сыйланган.

  • 1987 (май айында) - Польшадагы балдардын сунушу боюнча ойлонуп табылган "Жылмаюу" ордени ыйгарылган.

                        «Манас» жана Айтматов


«Манас» эпосу профессионал жазуучулар үчүн жеке эле драматургия жаатында гана эмес, прозада, поэзияда көркөм булак болуп келүүдө. Прозада биринчи кезекте Ч. Айтматовдун эстетикалык ишмердүүлүгү өзгөчөлөнүп турат. Атактуу жазуучу улуу эпосту изилдеп, пропагандалап гана тим болбостон, анын сюжетин, идеяларын, көркөм каражаттарын чыгармаларында өтө билгичтик, чеберчилик менен пайдаланды.

К. Асаналиев мындай дейт: «Манас» Айтматовдун «көркөм акыл-зээнинде кандайдыр бир айрым үзүндүлөрү, кээ бир белгилери менен эмес, башайт».

«Манас» эпосун айтуу учурунда кунт коюп «манасчыдан угуп отуруп, ар бир сүрөттөө өз ордунда экенин көрүп, ар бир сүрөттөөнүн өзүнчө көркөмдүк системасы, көркөмдүк максаты бар экенин сезип, элдин көркөмдүк фантазиясына таң калбай койбойсуң» дейт Айтматов эпос жөнүндө ("Манас" энциклопедиясы. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т.)

 


Информация о работе Чыңгыз Төрөкулович Айтматов