Тарыхы болбой эл болбойт

Автор работы: Пользователь скрыл имя, 14 Марта 2013 в 19:34, реферат

Описание работы

Тарыхы болбой эл болбойт”, элдин тарыхы – элдин тагдыры демекчи кыргыз эли канчалаган тарых, тагдырларды баштан өткөрүп, уюткулуу эл экендигин унутка калтырбай, кандай катаал мезг илге туш келсе да улуттун жыргалчылыгы, эркиндиги, келечек муун үчүн жан үрөп күрөшүп, бүгүнкү күнгө жетти.

Үс түбүздөгү жылдын 25-октя-брында Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда эмгемендүүлүктүн жыйырма жылдыгына карата “Тарых жана тагдырлар” аттуу Ата-Бейит мемориалдык музей комплексинин маани-маңызы, 1937-38-жылдардагы репрессия шейиттеринин кайгылуу тагдырлары, мекенчилдиги тууралуу мугалимдердин жана райондук администрациясынын катышуусу менен илимий-практикалык конферен-
циясы болуп өттү.

Файлы: 1 файл

Тарыхы болбой эл болбойт.docx

— 2.35 Мб (Скачать файл)

“Тарыхы болбой эл болбойт”, элдин тарыхы – элдин тагдыры демекчи кыргыз эли канчалаган тарых, тагдырларды баштан өткөрүп, уюткулуу эл экендигин унутка калтырбай, кандай катаал мезг илге туш келсе да улуттун жыргалчылыгы, эркиндиги, келечек муун үчүн жан үрөп күрөшүп, бүгүнкү күнгө жетти.

 

Үс түбүздөгү жылдын 25-октя-брында Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда эмгемендүүлүктүн жыйырма жылдыгына карата “Тарых жана тагдырлар” аттуу Ата-Бейит мемориалдык музей комплексинин маани-маңызы, 1937-38-жылдардагы репрессия шейиттеринин кайгылуу тагдырлары, мекенчилдиги тууралуу мугалимдердин жана райондук администрациясынын катышуусу менен илимий-практикалык конферен-

 циясы болуп өттү.

 

 Бул конференцияга Ата-Бейит сырын ачкан жана аны баш-аягы 53 жыл жүрөгүнө бек сактаган 85 жаштагы акылы тунук, эки доордун өкүлү Бүбүра Кыдыралиева менен абийир алдында репрессиялангандардын укум-тукумдарынын кудай алдында кылымга катылган кылмыштын бетин ачып, белгисиз туңгуюкта жаткан элдик адамдардын сөөгү жашырылган жайды таап, аларга экинчи өмүр берип, кыргыз тарыхын тактап, бурмаланган маңкурттук иштерди келечекке тактык менен жеткирген ошол кездеги мамлекеттик коопсуздук комитетинин кызматкери Болот Абдрахманов.

 

Кыргыз мамлекеттүүлүгүн негиздөөчүлөр кыргыз элинин гүлдөп өнүккөн улуттан болушу үчүн өздөрүн күтүп турган коркунучту билсе да, колдон келген иштерин жасай беришкен. 1938-жылы “эл душманы” деген жалган жалаа менен атууга кетишкен. Эгерде Кыдыралиева менен Абдрахмановдун иш-аракети болбосо, бирөөсү эле бул иштен баш тартышса, тарых такталбайт эле. Өмүр бою атасын издеген, күткөн, ызага каңырыгы түтөгөн репрессия шейиттеринин балдарынын бугу чыкпас эле жана чындык далилденбейт эле. Атасынын жанынан жай тапкан Чыңгыз Айтматовдун сөөгү башка жакка коюлуп, Ата-Бейит пайда болбойт эле.

 

1991-жылдан  бери мамлекет тарабынан бир да көңүл бурулбай, тиешелүү деңгээлде өз бааларын албай келиши, конференция каты- шуучуларын терең ойго салып, эгемендүүлүктүн жыйырма жылдыгын жыл жыйынтыгында ушул адамдардын эмгеги биринчилерден болуп бааланып, жыл жыйынтыкталса бул жылдын терең мааниси ачылган болот эле. Ата-Бейит кандай жай экендигин, Болот Абдрахманов, Бүбүра Кыдыралиева ким экендигин унутта калтыруу тарыхыбызды унутуп калганыбыз.

 

2011-жылы Курманжан датка энебиздин 200 жылдыгына символикалуу, эгемендүүлүктүн жыйырма жылдыгына карата бул инсандардын эл үчүн өтөгөн эмгегин баалап, Кыргыз Республикасынын эң жогорку артыкчылык сыйлык даражасына көрсөтүүнү туура көрөт деп ойлойбуз жана бул ойду жалпы конференция катышуучуларынын атынан көрсөтүүнү сунуш кылат.

 

Токтогул  районунун конференция катышуучуларынын атынан бардыгы 300 адам кол койгон

 

 

 « Ата бейит»

 

Эгемендүүлүккө эми кадам таштап жаткан 1991-жылы репрессияга учурап, кандуу жылдарда атылып кеткен 137 адамдын сөөктөрү Чоң-Таштан казылып алынган убакытагы окуя ушул күнгө чейин элдин эсинде го…Кимдир бирөөлөргө ал окуя алгач сенсация үчүн кабарлагандай сезилсе да, кийин кыргыздын чыгаан инсандары-улуу адамдар Төрөкул Айтматов, Юсуп Абдырахманов, Касым Тыныстанов, Баялы Исакеев, Эсенаманов, ж.б. көрүнүктүү адамдардын аттары далилденип чыкканда каңырыктын түтөгөнүн айтпаныз. Кайран адамдар… Ошондогу адамдардын кыжыры, ошондогу каргыш, ошондогу айтылган наалат «репрессия» деп аталган ачуу сөздү бырчалап талкалап, тарых барактарына күнөөсүз кеткен залкарлардын арбагын кайра тирилткендей болду эле. Кечээки күнү ошол «Ата-Бейит » деп аталган тарыхый комплекстин кайра ачылышы:«Шейит кеткендердин арбагы  дайыма тирүү, алар шамал менен кайра бир жолу кайрып келет» деген сөздүн таасындыгын дагы бир ирет көрсөтүп койду.

 

Мындайда «ак ийилет, бирок сынбайт » деген сөз да анча жеткиликтүү боло бербейт экен. Ак ийилмек турсун бүтүндөй бир системанын, тоталитардык бийликтин кумары үчүн улуттун  канчалаган залкар адамдары гүлгүндөй өмүрүн канкорлорго алдырып ийгени не деген өкүт, не деген кыйроо эле. Алар болгондо да кыргыз үчүн «каруусун казык,башын токмок» кылып иштешкен, кыргыз үчүн ичкен ашы эмес, өмүрүн, жанын аябаган жылдыздар эле. Алар улуттун чыгаандары гана болушпастан, кыргыз элинин келечеги, үмүтү, тилеги болчу.      Арийне, тарыхты кан менен жараткан система улутту карап да койбоптур. Кыргыз элинин мыкты уулдары менен бирге Чоң-Ташта орус, украин, корей ж.б. улуттарынын өкүлдөрү да курман болгондугу далилденди. «Ата-Бейит» көрүстөнүнүн тарыхый мааниси, комплекстин жалпы адамзаттык – гумандуулук маңызы да ушунда болуу керек.

 

 

 

Тыныстанов Касым 1901-жылы туулуп, 1938-жылы каза болгон. К.Тыныстанов тилчи, акын, коомдук ишмер, 1936-жылы профессорлук наамды алган. Ысык-Көл өрөөнүндөгү Чырпыкты айылында туулган. Алгачкы билимди 1909-1912-жылдары айылдык дин мектебинен алган. 1913-1914-жылдары жаңы усул мектебинен, 1914-1916-жылдары Караколдогу орус-тузем мектебинен окуган. 1924-жылы Ташкенттеги казак-кыргыз агартуу институтун бүтүргөндөн кийин Түркстан республикасынын Академиялык борборунда (Илим комиссиясы) Кыргыз областтык бөлүмүнүн катчысы андан кийин төрагасы, ал эми 1925-жылы «Эркин-Тоо» газетасынын редактору болуп иштеген. 1927-1930-жылдары Кыргыз АССР Эл агартуу комиссары, 1930-1937-жылдары Кыргыз маданият курулуш институтунда илимий кызматкер, кийин директор болуп иштеген.    К.Тыныстанов кыргыздын улуттук жазуусун иштеп чыгуу, араб алфавитин кыргыз тилине ылайыкташтыруу, араб алфавитин латынча, латынчаны орус алфавитине алмаштыруу ишине катышкан. Азыркы кыргыз орфографиясынын негизги прициптерин иштеп чыгып, кыргыз тилинде туңгуч окуу китептерин («Окуу китеби» 1924-ж, «Чоңдор үчүн алиппе» 1926-ж), кыргыз тилинин туңгуч грамматикасын («Биздин тил»  1928-ж. латын графикасында «Эне тилибиз»  «Кыргыз тилинин морфологиясы» 1934-ж, «Кыргыз тилинин синтаксиси» 1936-ж), тил илими боюнча кыргызча терминологияны түзгөн. К.Тыныстановдун ырлары 1925-жылы «Касым ырларынын жыйнагы» деген ат менен Москвадан жарык көргөн. Ал «Интернационалды», И.Крыловдун тамсилдерин кыргызчага которгон. Анын «Академиялык кечелер» пьесасына, айрым эмгектерине курулай доомат коюлуп, «бай-манапчыл, буржуазиячыл, улутчул» деп ак жеринен күнөөлөнгөн. 1937-жылы камалып, 1938-жылы ак жеринен атылган. Кийин гана 1988-жылы толук акталган.

 

 

 

 

 

--------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------

 

---------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Эртең менен саат сегизден баштап былтыр 7-апрелде өкмөт үйүнүн алдында окко учкан азаматтардын сөөгү коюлган Аламүдүн районунун аймагындагы "Ата-Бейит" мемориалдык комплексиндеги бейитке алардын артында калган үй-бүлө мүчөлөрү, жакындары, жоро-жолдоштору келип куран окуп, гүл коюп, күйүткө батып турушту.

 

 


Информация о работе Тарыхы болбой эл болбойт