И.Арабаевдин өмүрү жана мектеп окуучулары үчүн жазган эмгектери

Автор работы: Пользователь скрыл имя, 18 Февраля 2013 в 18:10, реферат

Описание работы

Окумуштуу, агартуучу, тилчи, алиппечи, котормочу, саясий ишмер Ишенаалы Арабаев 1882-жыл Кочкор району Күн-Батыш айылында кийинки «Комсомол» совхозунда катаган (чекир саяк) уруусунда орто дыйкандын үй-бүлөсүндө туулган. Караколдогу мусулман мечитке окууга жиберилген. Анда кат тааныгандан кийин ошол жердеги татарлардын мектебинде беш жыл билим алууну уланткан.

Файлы: 1 файл

реферат.docx

— 28.26 Кб (Скачать файл)

И.Арабаевдин өмүрү жана мектеп окуучулары үчүн жазган эмгектери

Окумуштуу, агартуучу, тилчи, алиппечи, котормочу, саясий ишмер Ишенаалы Арабаев 1882-жыл Кочкор району Күн-Батыш айылында кийинки «Комсомол» совхозунда катаган (чекир саяк) уруусунда орто дыйкандын үй-бүлөсүндө туулган. Караколдогу мусулман мечитке окууга жиберилген. Анда кат тааныгандан кийин ошол жердеги татарлардын мектебинде беш жыл билим алууну уланткан. Анын зээндуулугун байкаган мугалим Заиров Тайырдын сунушу менен Россиянин Оренбург шаарындагы мектепке жиберилген. Ал жерде окууга өтө албайт, Константинополго (Стамбулга) барып, түрк лицей мектебинин 3-классына кабыл алынган. Алты ай окугандан кийин мусулман дүйнөсүнүн диний борбору, ыйык шаарлары болгон Арабиянын Измир, Бейрут, Мекке, Медина шаарларында бир жарым ай чамасында болуп, зиярат жасап, кайрадан Константинополго келип окуусун уланткан. Бирок Константинополдогу диний мектептин аягына чыкпастан кайрадан Оренбург шаарына кетүүгө аргасыз болгон. Оренбург шаарында Хусейин медресесинде бир жыл окуйт. 
1910-жылы Уфа шаарына келип, «Галия» медресесине кирип, 1913-жылы аны бүтүргөн. 
1913-1916-жылдарда Тоң районундагы аймакта жана Нарын өрөнүндөгү балдарды окуткан. Тоң районунда Тогуз-Булак, Төрт-Күл кыштактарында балдарга билим берген. 
1916-жылы падышалык бийликке Улуттук боштондук кыймылынын жеңилиши менен Ысык-Көл, Нарын өрөөнүндөгү кыргыздар менен бирге Кытайдын Синцзян уйгур автономиясына, азыркы Үч-Турпан, Кашгар, Ак-Суу аймактарына качып барууга аргасыз болгон. 
1917-жылы Совет бийлиги орногондон кийин, эл менен бирге өз жерине кайтып келген. 
1917-жылдын аягында Оренбург шаарына барып, чоң жыйынга катышып, анда Кытайда калган кыргыздарды өз Мекенине алып келүү маселесин көтөргөн. 
1918-жылы экинчи жолу Кытайдагы кыргыздарга барып, аларды өз жерине алып келүү ишине катышкан. 1918-жылы Тоң районуна келип агартуучулук ишине киришкен. 
1918-1919-жылдарда Караколдогу эл агартуу тармагынын мусулмандар бөлүмүнүн орунбасары, 1919-1920-жылдары Жети-Суу эл агартуусунда илимий-этнографиялык жана адабий материалдарды чогултуу жана жыйноо комиссиясынын жетекчиси, 1920-1921-жылдары Алматыдагы областык аткаруу комитетинин президиумунун мүчөсү, Жети-Суу коперациялык союзунун Кыргызстан боюнча бөлүмүнүн жетекчиси, 1922-жылы Жети-Суу коммуналдык чарбанын областык бөлүмүнүн башчысы, Жети-Суу райондук кеңештин сунушу боюнча «Кошчу» союзунун жетекчилигинин орун басары, 1920-жылы БАК сунушу менен облревкомдун мүчөлүгүнө шайланган. 
1921-жылы 26-февралда РКП (б) партиясынын мүчөлүгүнө өткөн. 1921-жылы өткөрүлгөн кеңеш өкмөтүнүн областык съездине делегат, «Кошчу» союзу аркылуу Жети-Суу реформасынын крайлык съездине делегат, андан соң Бүткүл Советтердин жалпы Союздук Москвадагы IX съездине өкүл катары катышкан. Анда В.И. Ленинди көргөн. 
1922-жылы Батрактар (жарды-жалчы) уюмунун мүчөсү, Туркстан коммунистик партиясынын обкомунун мүчөсү, Туркстан коммунистик партиясынын Жети-Суу обкомунун, облгоркомунун мүчөсү болгон. 
1922-жылы кыргыз интеллегенциясынын ичинен чыккан билимдүү, эл башкарган адамдары: И.Арабаев, Ж.Абдрахманов, А.Сыдыков алгачкылардан болуп, Түркстан АССРинин карамагында өз алдынча Кыргыз областын түзүү маселесин көтөрүп чыгышкан. Түркестан ВКП(б) БК 1922-жылы март айындагы чечимине ылайык Туркстан БАК президиумунун пленуму Түндүк кыргыздарда казактардан бөлүп - Бишкек, Пржевальск, Нарын жана Аулие-Ата (Талас) тоолуу райондорду бириктирип, өз алдынча Тоолуу-Кыргыз областын түзүү, ал эми Фергана өрөөнүндөгү кыргыздардын өз алдынча бөлүнүш маселеси, ал региондо Совет бийлигине каршы жүрүп жаткан козголоң (басмачылар кыймылы) басылгандан кийин бул ишти чечүү маселеси каралган. Бул маселенин өз учурунда чечилишинде ар түрдүү тоскоолдуктар жана пикир келипшегендиктер болуп, ишке ашкан эмес. 
РКП (б) нын XII съездинде 1923-жылы дагы улут маселесине байланыштуу иш каралган. Орто-Азиянын өз алдынча улуттук жактан бөлүштүрүү 1924-жылдын 10-мартында Туркстан БАК президиумунун мүчөлөрү жана кандидиттары катышкан атайын кеңешмеде 12 киши чыгып сүйлөп, алардын ичинен жалгыз И.Арабаев кыргыздарды улут катары казактардан бөлүүнү, ал эми коңшулаш кайсы мамлекетке: Түркстангабы же РСФСРдин карамагына калуу маселелерин чечүү иштерин Кара-кыргыздардын өзүнө калтырууну сунуш кылган. Кийинчерээк интеллегенциянын алдыңкы өкүлдөрү: Ж.Абдрахманов, И.Арабаев, А.Сыдыков Кара-кыргыз автономиялуу областын РСФСРдин карамагына калтырууну сунуш кылышкан. 
Бул маселе РКП(б) БКнын Орто Азия бюросунун 1924-жыл 28-апрелиндеги чечимине ылайык Орто Азия регионун улуттук жактан бөлүштүрүүгө өзбек, туркмен, кыргыз, казак, тажик улуттарынын өкүлдөрүнөн турган убактылуу комиссия түзүлүп, бул маселенин иштелип чыгышы БАК сессисында каралып, Кара-кыргыз автономиялык областы өз алдынча РСФСРдин карамагында калтырылып, келечекте өз алдынча мамлекет катары өнүгүүнүн жолдору ачылган шарттар түзүлгөн. 
1924-жылдын 3-июлунан тартып, Кара-кыргыз илим комиссиясынын төрагасы болуп кайрадан шайланат. 
1924-жылы «Эркин-Тоо» газетасынын алгачкы үч кишиден турган (Осмонкул Алиев, Сыдык Карачев менен бирге) редколлегиясынын мүчөсү болгон. «Эркин-Тоо» деген атты да И.Арабаев койгон. Газетанын №1 санына «Эркин-Тоо» деген макала жазган. 
1925-жылдын 25-майынан тартып, областык эл агартуу бөлүмүнүн коллегия мүчөсү жана илим комиссиясынын төрагасы болуп кайрадан шайланат. 
1926-жылдан баштап, - дейт Х.Карасаев, - Ишенаалыга түрдүүчө саясый айып коюлган. «Отуз» дегендин тобуна катыштың деп, партиядан чыгарат. Кыргыздын биринчи агартуучунун артынан жамандык издешет. 
1933-жылы 9-майда И.Арабаев - «улутчул», «Социал-туран» партиясынын мүчөсү, революцияга каршы иш жүргүзгөн деген жалаа менен камакка алынган. Ташкенге кийинчээрек 6-июнда алып келген. Тергөөчү С.В.Левшин эртеси кирип чыккан болот. Эртеси ал палатасында өлүп жаткан болот. 8-июнда судмедэксперт көрүп, И.Арабаев насбай менен ууланган деген жыйынтык чыгарат. 
1957-жылы 26-июнда кызы Аккагаз менен уулу Эркин Кыргыз Республикасынын мамлекеттик коопсуздук комитетине кайрылып, атасынын ишин кароону өтүнүшөт. 1958-жылы 9-июнда И.Арабаевдин иши боюнча актоо токтому чыгат. 
Арабай уулу Ишенаалы - алгачкы кыргыз интеллигенциясынын көч баштагандарынын бири. Өз замандаштары, кесиптештери жана илим-билимге жаңыдан сапар тарткандарга арка болгон. Ал эми китептери XX кылымдагы жаңы жазма адабиятыбыздын башатын түзгөн. Анын өмүрүнө жана чы-гармачылыгына байланыштуу тактала турган жактары бир топ экендиги байкалат. Ошентип, анын агартуучулук жана илимий жолун, саясий ишмердигин терең изилдөө келечектин иши жана милдети. 
Ишенаалы Арабаев өз эли-жеринде мугалим болуп, балдарды окутуп жүргөн жаш кезинде эле эки тилинде жазылган балдар үчүн окуу китептеринин жоктугуна аябай кейип, болочокто эки тилде басылып чыга турган китептер менен балдарды камсыз кылуунун айланасында көпкө чейин ойлонгон. 
Залкар Молдо Кылычтын «Кысса-и Зилзала» китебинин баш сөзүндө И.Арабаев минтип жазат: «Молдо Кылычтын казалын окуп, ойлочу элем: Кап, сени! Кудай таала бизди жарык дүйнөгө чыгарса, анын «Зар заманын» китеп кылып бастырып, элиме таратсам дечү элем. Балдарга алиппе китебин окутуп жатканда, анын мазмунуна түшүнбөй: «Молдоке, бул эмне деген сөз?» - деп сураганда, өзүбүз маанисине түшүнбөгөндүктөн, эмне деп жооп берерибизди билбей, башка нерселерди айтчубуз, жалгыз калганда көзүбүздөн жаш чыккан учурлар да болгон. Медреседе окуп жүргөн шакирттер менен биргелешип, азыр өз оюбузду ишке ашырууга киришип жатабыз.»1 
Ошол оюн турмушка ашыруу үчүн 1909-жылы Константинополдо окуп, Мекке, Мединага зыярат жасап, ажы болуп келгенден кийин да унутпастан, эсинде болду. Алыскы шаарларга барып билимин жогорулатуу менен окуу-жазуусу өнүккөн маданияттуу, билимдүү элдердин окуу-методикалык китептеринен кеңири пайдалануу зарыл экендигин түшүнөт. Ошол максатта Оренбургда болуп, Казанда бир жылча окугандан кийин, Уфа шаарындагы медресеге кирет. 
Жакшы окуу менен бирге китеп жазуу жөнүндөгү көптөн берки тынчын алган ойлорун турмушка ашыруу үчүн көп даярдыктарды көргөн. Өзү менен бирге окуган Х.Сарсекеев менен бирге «Шарк» басмасынан «Төтө окуу» алиппесин китеп кылып бастырат. (Арабаев И., Сарсекеев X. Алифба йаки төтө окуу. Уфа. 1911.) Мындай китептин кыргыз-казак балдарына арналып басылып чыгышынын педагогикалык баалуулугу, жалпы эле кыргыз элинин тарыхында алган орду, маданий эстелик катары чоң мааниге ээ болгондугун бардыгыбыз окуп, билебиз. 
«Төтө окуу» алиппесин жазуу үчүн И.Арабаев түрк элдеринин жана орус тилинде басылып чыккан окуу китептерин, анын методикалык түзүлүшүнө карата өйдө-ылдый жактары бар экендигин талдоого алуу менен, арабча тамгасында жазылган алиппенин негизинде кыргыз алфавитин иштеп чыккан. 
Бул алиппе кыргыз тилинде чыккан окуу китептеринин көч башы болгонун бөтөнчө белгилеп кетиш керек. Эң негизгиси - окуу китебин жазууда ошол кездеги өзбек, татар, казак тилинде чыккан алиппе китептери, өзгөчө И. Алтынсариндин, И.Гаспринскийдин, ал аркылуу К.Д. Ушинскийдин китептерин үлгү катары пайдаланган. 
«Төтө окуу» алиппеси 74 сабакка ылайык түзүлүп, 35 сабагы алиппе мезгилине, калганы алиппеден кийинки мезгилге арналган. Мында ар бир тамга 1 саатта өтүлбөй, кээде 1 эле саатта 2-3 тамга үйрөтүлгөн. 
Биринчи сабакта а, б, т тамгалары өтүлсө, кийнкиде й, г, л, м, н, о, д, с, з тамгаларынын ар бирин өзүнчө сабак катары берилип, андан тышкары мурда өтүлгөн тамгалар да кайталанган. 
Тигил же бул тамганы өтүүгө байланыштуу берилген муун жана сөздөрдүн саны да ар түрдүү болуп, биринде жалаң гана муундар берилсе, экинчисинде, андан тышкары бир катар сөздөр жана сөз айкаштары бар экендигин көрүүгө болот. Ар бир тамганы өтүүгө байланыштуу берилген сөздөрдүн саны да бирдей эмес. М: Д тамгасына караганда к тамгасында берилген сөздөрдүн саны көп. 
Айрым тамгаларды бир саатта өтүү менен гана чектелсе, н, д, к, з, ж тамгалары 2-3 сабакка чейин кайталанып, аны үйрөтүүгө берилген сөздөрдүн, сүйлөмдөрдүн саны да ошончо көбөйүп кеткен. 
Ушуга байланыштуу, алиппеде ар бир тамганын оор-жеңилдиги, тилибизде көп колдонулушу толук эсепке алынбагандыктан, бир катар баш аламандыкка жол берилгендиги байкалат. 
«Төтө окуу» жаңы усул менен окуткан мектептерге арналып, тыбыш методу менен жазылгандыктан, окуучулардын сабатсыздыгынын жоюлушун бир кыйла тездеткен. 
Китепте ө, ү тамгалары, созулма үндүүлөр татар тилине ылайыкташып, созулма үндүүлөр катышкан сөздөр кыска үндүүлөр менен ары (аары), таны (тааны), була (буула), сусар (суусар), окуга (окууга), будай (буудай) болуп, же созулмалар эки башка үндүү тыбыштар менен коун, саук, жаолук, жалкао, санао, сексеул деп берилген. 
Ошондой эле кыргыз тилиндеги үндүү, үнсүз тыбыштардын ээрчишүүлөрү, уңгу жана мүчөнүн жазылышы эне тилибиздин нормасына ылайык эмес. 
Алиппенин экинчи жарымында тигил же бул тема боюнча топтолгон сөздөр жана окуучулар жеңил түшүнө тургандай кыска аңгемелер, тексттер тандалып алынган. 
Алиппеден кийинки мезгилде үй шаймандары, жапайы айбандар, бак-дарактар, канаттуулар, жер-суунун аттары берилип, «Жалкоо менен ишкер бала», «Жакшы менен жаман бала», «Балдардын туулгандан баштап өсүшү» деген темада чакан тексттер берилип, окуучулардын сөзүн өстүрүү максатында «Бүркүт менен карга», «Бака менен чычкан», «Ач карышкыр», «Эки чымын» деген жомок-тамсилдер киргизилген. Алардан тышкары 28, 29, 30-сабактарда жер аттары, куш аттары, талаадагы аңдар берилген. 
Авторлор китепке берилген текстердин мүмкүн болушунча көлөмү кыска, тарбиялык маанисинин чоң болушун эсепке алып, баланы шар окуп, мазмунун айтып берүүгө машыктыруу максатын көздөгөн. 
«Төтө окуу алиппеси» окуучулардын сабатсыздыгын жоюуну тездеткен өтө керектүү окуу китеби болгон, ушуга байланыштуу элге билим берүүгө байланыштуу төмөнкү пикирди айтууга болот:  
1. Кыргызстан Россиянын курамына киргенден тартып элге билим берүү ишинде бир катар өзгөртүүлөр болуп, жаңы усулдагы мусулман, орус-тузем мектептери, училищалары, гимназиялар ачылып, окуу процессинде сабактарынан тышкары математика, тарых, география, табият таануу боюнча бир катар тиешелүү маалыматтар бериле баштады. 
2. Алдыңкы орус педагогдорунун, Түркстандан чыккан агартуучу-педагогдордун тажрыйбаларын жайылтуу менен, алардын таасири астында окуучуларды сабаттуулукка үйрөтүүдө методикалык реформа жүргүзүлүп, тамга методунан тыбыш методуна өтүү менен балдардын сабатсыздыгын жоюунун жеңил, оңой жолуна түштү. 
3. Эки усул менен окуткан дин китептерине караганда түрк тилдеринде жазылган бир катар жаңы окуу китептеринде жазылган бир катар жаңы окуу китептери артыкчылыкка ээ болгон, ошол кездеги педагогика жана методиканын абалын бир тепкичке жогорулатты. 
4. Орто Азияда жана Казакстанда типографиялар, литографиялар ачылып, мезгилдүү басма сөздө, адабий жана педагогикалык мазмундагы китептерди басып чыгаруу жагы жакшыртылып, оригиналдуу жана котормо окуу китептеринин саны көбөйө баштады. 
5. Эл агартуу иштерине жүргүзүлгөн реформанын негизинде жаңы типте ачылган мектептерде окуу процессине алдыңкы мугалимдердин өз ишине болгон чыгармачылык мамилеси жакшырып, сабакты эне тилинде окутуунун натыйжасында бир катар жетишкендиктер болуп, ага И.Арабаев сыяктуу окумуштуу-агартуучулардын кошкон салымы зор болгон. 
1912-жылы И.Арабаевдин «Жазуу өрнөктөрү» деген китепчеси Оренбург шаарындагы «Вахим» басмасынан жарыкка чыгат. Анын көлөмү кичине болуп 18-бетке чейин ар бир тамганын элементтери, туура жазуунун үлгүлөрү көрсөтүлсө, 35-бетине чейин көлөмү чакан тексттер берилген. Бардык тексттер казак тилинде жазылган. Бул окуу китебинин жарык көрүшү кыргыз элинин тарыхый-маданий эстелиги катарында мааниси эң чоң. И.Арабаевдин «Жазуу өрнөктөрү» деген китепчеси эне тилине жакындаштырылып жазылган эң алгачкы окуу китеби болуп саналат. 
1932-жылы Д.Шамгунов менен бирдикте жети жылдык мектептерге арналган «Табият таануу алиппеси» деген окуу китеби басылат. 
Эл агартуу иштерин жакшыртууга байланыштуу мектептерде окутуунун жаңы мазмуну киргизилип, окутуу системасын кайрадан түзүү менен ГУСтун программасы жетекчиликке алынат. 
Ар бир сабактын мазмунун жаратылыш, коом, эмгек жөнүндөгү маалыматтардын түрүндө, комплекстик программанын негизинде окутулуп, бардык класстарда тарыхтагы эл массасынын ролуна, эстетикалык тарбияга өзгөчө көңүл бурулат. 
Башталгыч класстарга арналган ГУСтун программасы биринчи жолу кыргыз тилинде 1927-жылы түзүлүп, анын негизги максаты окуучуларды коомдук турмушка активдүү катыштырып, окуучуну турмушка жакындатуу болгондуктан, анын «Метод жөнүндө эскерүүлөр», «Тил жөнүндөгү билимдерди иш жүзүндө колдонуу» деген бөлүмдөрүндө ар бир топко жаңы теманы кантип түшүндүрүүнүн жолдору, үйгө берилеген тапшырманын түрлөрү, өтүлгөн теманы практикалык жактан өздөштүрүүнүн методикалык ыкмалары, суроо жана тапшырмаларды түзүүнүн жолдорун көрсөткөн пайдалуу кеңештер берилген. 
Анда окуучулар теманы канчалык өздөштүргөнүн айтып берүү менен гана чектелбей, оозеки жана жазуу иштерин жакшыртып, сүрөт боюнча иштөөгө, китептен жана мезгилдүү басма сөздөн окуганын айтып берүүгө, ар кандай иш кагаздарын жазууга үйрөтүүнүн мааниси чоң экендигин баса белгилеп көрсөткөн. 
И.Арабаев жаңы программалардын талабына ылайык 1928-жылдан тартып мектептерге жана чоңдорго арналган алиппе китептерин бүтүн сөз методунун негизинде жаза баштаган, жаңы методдун негизинде түзүлгөн математика, география окуу китептеринин бир тобу И.Арабаев тарабынан которулган. Билими жана тажрыйбасы чоң болгондуктан, III-IV класстарга арналган «Табият таануу алиппесин» түзүү Кыргызстан эл агартуу комиссариаты тарабынан Д.Шамгунов экөөнө тапшырылган. 
Алар кол жазманы 1930-жылы бүтүрүп, китептин кол жазмасына карата жазылган ар кандай сын-пикирлер авторлор тарабынан оңдолуп, окуу-метод сектору тарабынан башталгыч класстарга жарактуу деп табылгандан кийин басмага беришкен. Кырмамбастын жолдомосу менен Москвага жөнөтүлүп, 1932-жылы 5000 нускада жарык көрөт. (Түзүүчүлөр: И.Арабаев, Д.Шамгунов. Табият таануу алиппеси. СССР элдеринин басмасы жана Кырмамбас. - М., 1932. -264 бет.) 
«Табият таануу алиппеси» мазмуну жана тематикасы жагынан абдан баалуу жана көп кырдуу окуу китеби. Кириш сөзүндө мындай пикирлер айтылат: Китептин көп материалдары коллектив тарабынан жазылып, 1930-жылы Татмамбас тарабынан басылган «Табияттын иш китебинен» алынган. 
Мүмкүн болгон жеринде Кыргызстандын табиятынан көп материалдар кошулган, башталгыч класстарды III-IV класстарынын программасына ылайык табиятты байкоо, текшерүү жолу менен үйрөнүүгө негизделип түзүлгөн, ар бир темага карата суроо-тапшырмалар берилген. Бул суроо-тапшырмаларды жөн эле окуп койбостон, мазмунун үйрөнүп, класстагы окуучуларды топторго бөлүштүрүп, ошол суроолорго жооп таап, жыйынтыгы боюнча өзүлөрү билгендерин жазып, окуп берүүгө тийиш экендиги көрсөтүлгөн. 
Бул окуу китебинин дагы бир өзгөчөлүгү комплекстик методдун негизинде жазылып, окуучулардын өз бетинче иштөөлөрүн жакшыртуу максатында тигил же бул суроолорго ылайык жоопторду табууга ылайыктап, көп жактуу иштерди жүргүзгөн. 
Бул окуу китебинин мазмуну менен таанышып, Москвадагы улуттук басмакананын кыргыз секциясынын редактору З.Бектенов, У.Абдукаимовдор кол жазмага мындай пикир айтышкан: 
«Мектепте бала окутуу иштери жаңы методго туш келип, жаңы багыт алып, жаңы окуу китептери максатка ылайык түзүлүп жатат. Мектепте баланы окутуу жана тарбиялоонун жаңы талабына ылайык түзүлгөн жаңы окуу китебинин бири ушул китеп болуп саналат. Бул китеп кыргыз тилинде биринчи жолу 1930-жылы түзүлдү, кээ бир кемчиликтер: жеңил методдор менен түшүндүрүү, өзүнчө иштөө үчүн суроо-тапшырмалар берүү, суроого китептин өзүнөн жоопторду таап алуу ж.б. кеткени байкалат. 
Ошондой болсо да, жалпыга милдеттүү башталгыч билим берүү законун аткаруу жагы курч коюлуп жаткан учурда, бул өңдүү окуу китептеринин түзүлүшү биз үчүн олжо. Бул китеп башталгыч класстын окуучулары гана эмес, атайын билим берүүчү орто окуу жайларынын даярдоо бөлүмдөрү жана кыска мөөнөттүү курстарды бүтүп, мугалим болуп иштегендер өз бетинче даярдануу жагынан да мааниси чоң болуп эсептелет. 
Китептин жалпы көлөмү 264 бет мазмуну жагынан жалаң гана жаратылыштын кубулуштары жөнүндө эмес, айыл-кыштак чарбасы, токой чарбачылыгы, өнөр жай, кишинин дене түзүлүшү, ар кандай кеңештер ж.б. бөлүмдөр кошумчаланган. Бул сыяктуу китептерди көп чыгарышса, окуучулардын илимге болгон кызыгуусун өстүрүп аз болсо да бизди курчап турган экологиянын сырларына түшүнүп, окуучулардын кругозорун бир топ кеңейтип ар кандай илимдин тармактарынан тиешелүү маалымат алууга жетишүүгө болот. Бул китептин мазмуну окуучуларга кеңири таралсын үчүн өнөр жайы, айыл чарба, илим жана техника, кишинин анатомия, физиологиясы, жер жана космос, жыл мезгилдеринин алмашып турушу, Кыргызстандын суулары, көлдөрү, өсүмдүгү, жаныбарлары, спорт, музыка, театр, искусство, китептердин тарыхы, электричество, медицина, радио, теле берүүлөр, ж.б. жөнүндө көлөмү чакан, ар кандай сүрөттөр менен кооздолгон, башталгыч класстардын окуучуларына түшүнүктүү, так, кыска, маанилүү кошумча маалымат берүүгө кошумча окуу куралдарын көбүрөөк басмадан чыгарууга жетишүү керек. Азыркы өнүккөн мезгил ушуларды талап кылат. 
И.Арабаев менен Д.Шамгунов түзгөн «Табият таануу алиппеси» мазмуну, мааниси эң зарыл болгон китеп. Китептеги ар бир бөлүмдө көргөзүлгөн материалдар окуучуларды көп пайдалуу нерселерди билүүгө, жаңылыктар менен тааныштырып, пайдалуу иштерди бүтүрүүгө, ден-соолук үчүн да пайдалуу кеңештерди берген. Бул китептин басылып чыкканына көп жыл болсо да, бүгүнкү күнгө чейин эскирбестен, окуучуларды кызыктырган пайдалуу окуу китептерден болуп саналат. Биология, география, мекен таануу, медицина илимине тыгыз байланыштуу материалдар берилген. «Табияттын иш китеби» деп аталса да, түзүүчүлөр аны «Табият таануу алиппеси» деп атаганы да ушуга байланыштуу. 
И.Арабаев араб тамгасынан пайдаланып, алгачкы алиппе китебин түзгөн. Толуктап, өзгөртүүлөр киргизип, 20 жылдан ашык мектеп окуучулары, чоң кишилер да ушул алиппеден сабаттуу болууга жетишкен. 
«Табият таануу алиппеси» - комплекстик программага ылайыкталып, коом, эмгек, табияттын кубулуштарына арналган окуу китеби болгон. Анын жарык көрүшү чоң жаңылык катары коом тарабынан бааланган. 
Биз жогоруда сөз кылган И.Арабаевдин «Табият таануу алиппеси» кыргыз элине, журтчулугуна, анын ичинде мектеп окуучуларына эң зарыл, таза суу менен абадай керектүү китеп болгон. Бул китепте И.Арабаев менен Д.Шамгунов экология, биология, мекен таануу, география, астрономия илимдеринин негизинде окуучулардын билимине, кабыл алуусуна багыттап, жаш өзгөчөлүгүн эске алуу менен жерди, кең байлыкты, жаратылышты сүйүү, коргоо, аны көздүн карегиндей сактоого, окуучуларды Ата Мекенди коргоого, сүйүүгө, эл-жерин барктоого карата тарбиялоо жана окутуу маселелерине карата өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен иш жүргүзгөн. 
Жарык көргөн эмгектери: 
Китептери: 
1. Арабай уулу Ишенаалы, Сарсакеев Хафиз. Алипбэ йаки төтө окуу. - Уфа: Шарк, 1912. -52 б. 
2. Арабай уулу Ишенаалы. Жазуу өрнөктөрү. - Оренбург: Вакыт, 1912. 
3. Арабай уулу Ишенаалы. Кыргыз алиппеси. - Ташкент: Орто Азия мамлекеттик басмасы, 1924. - 58 б. 
4. Арабай уулу Ишенаалы. Кыргыз алиппеси. - Оңдолуп, 2-бас. -М.: СССР калктарынын борбор. басмасы, 1925.-64 6. 
5. Арабай уулу Ишенаалы. Жазуу жолунда саамалык: (Эне тилинин жазуу өрнөгү боюнча мугалимдер үчүн колдонмо). - М.: СССР калктарынын борбордук басмасы, 1925. -24 б. 
6. Арабай уулу Ишенаалы. Баштооч мектептерде эсеп үйрөтүү жолу. -М.: СССР калктарынын борбордук басмасы, 1925. 
7. Арабай уулу Ишенаалы. Кыргыз алиппеси: (Башталгыч мектептер үчүн). - 2-бас. - М.: СССР калктарынын бор¬бордук басмасы, 1925. - 61 б. 
8. Арабай уулу Ишенаалы. Сабатсыздыкты жоюу алиппеси. -Пишпек",'1925. -106 б. 
9. Арабай уулу Ишенаалы. Алиппе. - М.: СССР калктарынын борбордук басмасы жана Кыргызмамбас, 1926. - 84 б. 
10. Арабай уулу Ишенаалы. Кыргыз алиппеси: (Башталгыч мектептер үчүн). - Оңдолуп-толукталып 3-бас. - Фрунзе:. Кыргызмамбас, 1928 б. (араб тамгасы менен). 
11. Арабай уулу Ишенаалы, Карасай уулу Кусайын. Жаңылык: (Чоңдор үчүн алиппе). - Фрунзе: Кыргызмамбас, 1928. - 84 б, (латын тамгасы менен). 
12. Арабай уулу Ишенаалы, Наамат уулу Сатыбалды. Биздин мектеп: (Балдар алиппеси). - Фрунзе: Кыргызмамбас, 1930. - 112 б. (латын тамгасы менен). 
13. Арабай уулу Ишенаалы. Эл адабиятын жыйноочуларга колдонмо. - Фрунзе: Кыргызмамбас, 1931. 
14. Арабай уулу Ишенаалы, Шамгунов Д. Табият таануу: (Толук эмес орто мектептер үчүн). - М.: Центриздат, 1932. 
15. Арабай уулу Ишенаалы. Алгы сөз: (Молдо Кылычты эскерүүсүнөн). - Ала-Тоо. - 1989. - № 12. - 136-б. 
Жыйнактарга, журналдарга, газеталарга жарыяланган макалалары: 
16. Арабай уулу Ишенаалы. Оренбургдан Ташкенге чейин: (Жол очерки) Айжан. - 1912. - № 1. 
17. Арабай уулу Ишенаалы. Бечара кыргыз бооруңарды унутпагыла! // Казак. - 1917. - 7-ноябрь (№ 236) 
18. Арабай уулу Ишенаалы. Эркин-Тоо: (Публицистикалык макала) // Эркин-Тоо. - 1924. - 7-ноябрь. - №1. 
Бастырып чыгарган, редакциялаган, түзгөн эмгектери: 
1. Молдо Кылыч Шамыркан уулу. Кысса-и Зилзала...- Ка¬зан. - 1911. 
2. В.И. Ленин, анын өмүр баяны жана иштеген иши. - Таш¬кен. - 1925. (бул җыйнакка Абылкасым Жутакеевдин "Ленин кошогу" деген чыгармасы киргизилген). 
3. Актан уулу Тыныбек. Элдик эпос - "Семетей". - М.: ЦИН СССР, 1925. - 185 б. (бул эмгекти Тыныбектин "Манасынын" өтө көркөм "Семетей" бөлүмүнөн үзүндүнү Тоңдук Д. Эсеналиевдин айтуусунан көчүртүп алган). 
4. Жакыпбек уулу Боогачы. Секетбай. - М.: Центриздат, 1925. - 64 б.  
Которгон эмгектери: 
1. Иванов Г.И. Географиянын башталгыч курсу: (1-бөлүм). -М.: Центриздат, 1925. - 164 6. (орусчадан которгон). 
2. Карпинский О. Эмгекчи дыйкандардын көсөмү. - М.: Центриздат, 1925. - (орусчадан которгон). 
3. Ленин В.И. Жаштар союзунун милдеттери. - М.: Центр¬издат, 1926. 
4. Метр чендери. - М., 1927. - 28 б. 
Катышкан съездери, курултайлары 
1. 1921-жылы "Кошчу" союзунун 1-съездине делегат болуп катышкан. 
2. 1922-ж. Москва шаарында өткөн Бүткүл Россиялык Советтердин 9-съездине делегат болуп катышат.  
3. 1924-ж. июль айында Оренбург шаарында өткөн казак-кыргыз илимпоздорунун 1-съездине катышып, доклад жасайт, президиумдун составына шайланат. 
4. 1926-ж. Баку шаарында өткөн 1-түркологиялык съездге Осмонкул Алиев, Касым Тыныстановдор менен катышат.  
Өмүр жолу, эмгектери, чыгармачылыгы жөнүндө:  
1. Арабаев Ишенаалы // Иссык-Куль. Нарын: (Энцик¬лопедия). – Фрунзе,1991.- 205-206-б. 
2. Арабаев илимий окуулары: (Өмүрү жана чыгармачы¬лыгына, эстелигин ачууга арналган илимий окуу баяндамаларынын тезистери, 23.12.1993). - Бишкек, 1993. - 30 б. 
3. Асанов У.А., Жуманазарова А.З., Чоротегин Т.К. Кто есть кто в кыргызской науке. - Бишкек: Главная ред. Кыргызской энциклопедии, 1997. - ЗЗ-б. 
4. Бектенов 3. Окумуштуу-агартуучу И. Арабаев: (Кыргыздын алгачкы алфавитин, алипбээсин түзгөн) // Кыргызстан маданияты. - 16.06.1988. 
5. Бакинова Г. Эшенаалы Арабай уулу - Кочкор говорунун өкүлү, кыргыз адабий тилине негиз салуучу // Ишена¬лы Арабаев: (Туулган күнүнүн 110 жылдыгына арналган жыйнак). - Бишкек, 1993. - 92-98-б. 
6. Бобулов К. Кыргыздын көзүн ачкан // Эне тил. -1993. - январь (үчтүн айы - № 1/37/). (Бул макаласында автор Кыргыз мамлекеттик педагогика институтуна И. Арабаевдин атын берүү жөнүндө оюн айтат). 
7. Жапаров Ш. Арабай уулу Эшенаалынын жарык көргөн эмгектери. // Арабаев илимий окуулары. - Бишкек, 1993-24-28-6. 
8. Ишенаалы Арабаев: (Туулган күнүнүн 110 жылдыгына арналган жыйнак). - Бишкек: Илим, 1993 - 116 б. 
9. Маанаев Э. Е.Арабаев – алгачкы агартуучу, окумуштуу жана саясий коомдук ишмер.-Бишкек,1999.-46 б. 
10. Маанаев Э., Осмонкулов А. Э.Арабаев – Кыргыз элинин алгачкы агартуучу-окумуштуусу жана саясий коомдук ишмери.-Бишкек,2002.-250 б. 
11. Осмонкулов А.Э. Арабаев - көрүнүктүү агартуу. - Б.: Мектеп, 1989.-104 б. 
12. Сыдыкбеков Т. Ишеналы Арабай уулу: (Кыргыздын тунгуч басма сөзү болуп калган кыргыздын алгачкы агартуучусунун тагдыры жана иши жөнүндө) // Советтик Кыргызстан, 23.06.1988. 
13. Урстанбеков Б.У., Чороев Т.К. Кыргыз тарыхы: (Кыскача энциклопедиялык сөздүк. Мектеп окуучулары үчүн). - Фрунзе: Кыргыз совет энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1990. - 201-б.


Информация о работе И.Арабаевдин өмүрү жана мектеп окуучулары үчүн жазган эмгектери