Чынгыз Айтматов

Автор работы: Пользователь скрыл имя, 18 Октября 2013 в 16:40, реферат

Описание работы

Чыңгыз Төрөкулович Айтматов (1928-2008) - кыргыз жана орус тилдеринде жазган советтик жана пост-советтик жазуучусу, Кыргыз ССРинин элжазуучусу (1974), Социалисттик Эмгектин Баатыры (1978), Кыргыз Эл Баатыры.

Файлы: 1 файл

Чыңгыз Төрөкулович Айтматов.docx

— 14.62 Кб (Скачать файл)

Чыңгыз  Төрөкулович Айтматов (1928-2008) - кыргыз жана орус тилдеринде жазган советтик жана пост-советтик жазуучусу, Кыргыз ССРинин элжазуучусу (1974), Социалисттик Эмгектин Баатыры (1978), Кыргыз Эл Баатыры.  

Өмүр баяны Чыңгыз Төрөкулович Айтматов 1928-жылы 12-декабрда азыркы Кыргыз Республикасынын Талас облусунун Киров районуна караштуу Шекер айылында мамлекеттик кызматкердин үй-бүлөсүндө туулган. Ал кезде Шекер айылы СССРдин РСФСРинин Кыргыз АССРинин Талас кантонунда болчу.

 

 

Атасы Төрөкул Айтматов КПССтин Кыргыз обкомунун катчысы болгон. Төрөкул 1937-жылы репрессияланып, 1938-жылы жазыксыз жерден "пантүркист" катары атылып кеткен. Эл ичинде кадыр-барктуу, көрүнүктүү адамдардан болгон. 

 

Апасы, Нагима Хамзеевна Айтматова - теги боюнча караколдук татар. Жергиликтүү театрда актриса болгон. Билимдүү, эл оозуна алынган, акылдуу аялдардан болгон. Анын атасы Хамза Каракол шаарындагы бай жана интеллектуал татарлардан болгон.  

 

1942-жылы II Дүйнөлүк согуштун кесепетинен Чыңгыз Айтматовго мектепти убактылуу таштоого туура келет. Ал убакта Айтматов 14 жашта эле. Шекер эли аны кат-сабаттуу болгондуктан айыл өкмөтүнүн катчысы кылып шайлап коёт. Ошол кезде жаштардын арасында кирилче кат тааныган улан-кыздар саналуу гана эле (калгандары кыргыздын арапча же латынча жазмаларын билишкен). Жаш Чыңгыздын башына кыйынчылыктар түшөт. Бирок ал баарына чыдамкайлык менен туруштук бере алды.  

 

Андан кийин ошол эле согуш жылдарында райондук салык чогултуучу болуп иштейт. Айыл калкынан салык чогултат. Бирок согуш маалында ага салык чогултуу оңойго турган жок. Бир жылдан кийин, 1944-жылы август айында бул ишин өз эрки менен таштайт да, тракторлук бригаданын эсепчиси болуп иштейт. 

 

1946-жылы, сегизинчи классты аяктагандан кийин Жамбылдагы зооветеринардык техникумга окууга өтөт. 1948-жылы техникумду мыкты аяктап бүтүргөндөн кийин Кыргыз айыл-чарба институтуна окууга кирет. Аны дагы 1953-жылы мыкты аяктайт. 

 

2008-жылы 16-майда  Татарстанда сапарда жүргөн чагында бөйрөгүнүн иштебей калганына байланыштуу жазуучуну Германиянын Нюрнбергшаарынын ооруканаларынын бирине жеткиришет. Ал жакта 2008-жылдын 10-июнунда пневмония оорусунун кесепетинен жазуучу көз жумду. 

 

Маркумдун сөөгү Кыргызстандагы Чүй облусундагы Аламүдүн районуна караштуу Чоң-Таш айылындагы Ата Бейит көрүстөнүнө коюлду.  

 


Информация о работе Чынгыз Айтматов