Чынгыз Айтматовтун ёмүр баяны

Автор работы: Пользователь скрыл имя, 22 Ноября 2013 в 15:48, реферат

Описание работы

Чыңгыз Айтматов — азыркы доордун көркөм сөз чеберлеринин ири өкүлү, саясий турмушка активдүү аралашкан ишмер. Анын калеминен жаралган прозалык, публицистикалык жана драмалык чыгармалар кыргыз адабиятынын ургаалдуу өнүгүшүнүн кийинки бийиктиктерин белгилейт. Анын адабиятка болгон йшкысы 50-жылдарда Бишкектеги айылчарба институтунда окуп жүргөндө эле ойгонуп, мазмуну жана формасы жагынан да айырмаланган бир канчалаган аңгемелерди жазат.

Файлы: 1 файл

Ч. Айтматовтун омур баяны.docx

— 20.77 Кб (Скачать файл)

Чынгыз Айтматовтун ёмүр баяны.

 

            

            Чыңгыз Айтматов — азыркы доордун көркөм сөз чеберлеринин ири өкүлү, саясий турмушка активдүү аралашкан ишмер. Анын калеминен жаралган прозалык, публицистикалык жана драмалык чыгармалар кыргыз адабиятынын ургаалдуу өнүгүшүнүн кийинки бийиктиктерин белгилейт. Анын адабиятка болгон йшкысы 50-жылдарда Бишкектеги айылчарба институтунда окуп жүргөндө эле ойгонуп, мазмуну жана формасы жагынан да айырмаланган бир канчалаган аңгемелерди жазат.

              Чынгыз Айтматовго дүйнөлүк кадырбарк алып келген, анын новаторлук калеминен жаралган 60—70 – жылдарда жазылган «Бетме-Бет», «Жамийла», «Биринчи мугалим», «Саманчынын жолу», «Жаныбарым, Гүлсары», «Ак кеме», «Эрте келген турналар» аттуу повесттери болду. Кийинки мезгилде жазуучу роман жанрынын үстүндө ийгиликтүү эмгектенип, «Кылым карыткан бир күн» (1980), «Кыямат» (1986) жана «Кассандра тамгасы» (1995) аттуу чыгармаларды жарыялады. Анын чыгармачылыгына коомдун орчундуу саясий, социалдык жана нравалык проблемаларынын курч коюлушу, интеллектуалдуулук, жалпы адамзаттык маселелердин философиялык өнүттө чечилиши, адам баласынын жан дүйнөсүн ичкериден психологиялык талдоолордон өткөрүшү жана жалпылоосу мүнөздүү.

              Чынгыз  Айтматовдун эпосу лиризм менен драматизмдин, трагизм менен романтизмдин өз ара байланыштарына негизделген. Анда мифология, дин, фантастика, көркөм шарттуулук жана сүрөттөөнүн катаал реализми эришаркак жашайт.

              Чынгыз Айтматовдун драматургдук өнөрү анын « Фудзиямадагы кадыр түн» (К. Мухаммеджанов менен бирдикте) драмасында жана өздүк повесттерин кино тасма үчүн  сценарийлерин жазуудан көрүнгон. Ал очерктер, публицистикалык жана адабий сын макалалардын чебери да болуп эсептелет. Чынгыз Айтматов Кыргыз Эл Жазуучусу (1968), Кыргыз Республикасынын Улуттук Илимдер Академиясынын академиги (1974), Социалисттик Эмгектин Баатыры (1978), Лениндик сыйлыктын лауреаты (1963), СССР Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1968; 1979; 1983), Республикалык Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты (1976), Кыргыз Республикасынын Баатыры (1997), Германиянын искусство Академиясынын мүчөкорреспонденти (1978), Париждеги Европа. илимдер, искусство жана адабият Академиясынын академиги (1983), Стокгольмдогу Бүткүл дүйнөлүк илимдер, искусство Академиясынын академиги (1987) болуп шайланган.

                Чынгыз Айтматов 10-июнда 2008-жылы  Германиянын Нюрнберг шаарында даарыланып жатып каза болгон.


Информация о работе Чынгыз Айтматовтун ёмүр баяны